Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге 25-августта сөгүш жарыялады. Маалыматка караганда, министрге сөгүш кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн берилди.
Чечим "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 18-беренесине жана Эмгек кодексинин 88-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү экинчи пунктка ылайык кабыл алынганы кабарланды.
23-августта социалдык тармактарда “Манас Ордодо” мушташ болгону тууралуу видео тарап, Нурдан Орунтаевдин да аты аталган. Уруш министр “Манас Ордодогу” курулуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн барганда чыкканы айтылган.
Видеону тартып жаткан белгисиз адам аны бирөө чапканын айтып, кишилер түртүшүп-тартышып жаканын көрүүгө болот. Видеодо Нурдан Орунтаев да бар. Ал окуя боюнча комментарий бере элек.
Ал эми президенттин Талас облусундагы“ Тооашкан” компаниясынын жетекчиси Данияр Айбашов “Манас Ордо” комплексинде “жумушка байланыштуу түшүнбөстүктөр болгонун” айтып, “ал чырга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тиешеси жок экенин” кошумчалаган.
Курулуш министри ушул окуяга байланыштуу сөгүш алдыбы же башка себептен уламбы, белгисиз.
Шерине