АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөдөн башпаанек сураган же арызы каралып жаткан 200 миңдей чет өлкөлүктүн бизнес жана туристтик визаларын жокко чыгарууга даярданууда. Бул тууралуу Associated Press Мамлекеттик департаменттин документтерине жана эки расмий өкүлгө таянып жазды.
Маалыматка караганда, сөз 2016–2026-жылдары берилген B1 жана B2 визалары тууралуу жүрүп жатат. B1 визасы көбүнчө ишкердик сапарларга, B2 визасы туризм максаты менен баргандарга, тууган-туушкандарына баргандарга жана дарыланууга баргандарга берилет.
Мамлекеттик департамент чечимди жакынкы апталарда жарыялашы мүмкүн. Ал Ички коопсуздук министрлиги менен бирге ишке ашырылат. Эгер сунуш өзгөртүлбөсө же сот аркылуу токтотулбаса, бул АКШнын тарыхындагы визаларды эң ири жапырт жокко чыгаруу чарасы болот.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Томми Пиготт бийлик Кошмо Штаттарга убактылуу келерин билдирип, кийин туруктуу калуу үчүн башпаанек сураган адамдарды аныктап жатканын айтты. Бирок канча виза жокко чыгарылары азырынча так эмес.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, визанын жокко чыгарылышы адам дароо депортацияланат дегенди билдирбейт.
Башпаанек сураган арызы каралып жаткандардын иммиграциялык макамы өзгөртүлүшү мүмкүн, бирок алар бизнес же туристтик виза ээлери деген макамынан ажырайт.
Учурда B1 жана B2 визасын сурагандар АКШда башпаанек алуу үчүн арыз бербей турганын ырастап, мекенине кайтып кетүү ниетин далилдөөгө тийиш.
Акыркы 18 айда Мамлекеттик департамент кылмышка айыпталган же АКШнын саясатына каршы ачык билдирүү жасаган адамдардын 175 миңдей визасын жокко чыгарган.
Шерине