Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

УКМК өмүр бою соттолгондор отурган №19 абактын жетекчиси кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) өмүрүнүн акырына чейин соттолгондор жаза өтөгөн №19 мекеменин жетекчиси (1982-жылы туулган аскер кызматынын майору Ж.М.Ж.) кармалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү 2025-жылдын февраль айынан тартып соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылган деп айыпталууда.

“Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу акча которуу жолу менен алынганы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Шктүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бул фактыга байланыштуу шектүүнүн жакындары менен адвокаттары жана ЖАМК комментарий бере элек. Чүй облусундагы №19 абакта өмүрүнүн акырына чейин соттолгон адамдар жазасын өтөйт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG