Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Футбол: Просинечки улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Роберт Просинечки
Роберт Просинечки

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен кызматташууну токтотуу боюнча өз ара макулдашууга келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Роберт Просинечки улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган. Келишимдин шарттарына ылайык, ал 1 жыл 1 ай иштеши керек болчу. Эгерде анын жетекчилиги алдында курама команда 2027-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу дагы 3 жылга узартылмак.

57 жаштагы Роберт Просинечки Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Футболчу катары кезинде Испаниянын “Барселона” жана “Реал Мадрид” сыяктуу атактуу клубдарында ойногон. 1998-жылы Хорватия менен Дүйнө чемпионатында коло медал алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG