Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармап туруш үчүн Кыргызстанга мунай ташыган компанияларга 956 миллион 139 миң сом субсидия берилгенин билдирди. Мунай заттарынын түрүнө жараша айырма бир литрине болжол менен 20 сомдон 40 сомго чейин жетүүдө.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун кара май менен камсыздоого байланышкан маселе боюнча жыйында күйүүчү-майлоочу май ташып келген ишканаларга субсидия берүү уланарын айтты. Министрлер кабинети субсидия өз убагында берилип жаткандыктан, компаниялардын аймактардагы бардык май куюучу жайлары толук кандуу иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керек деген талап койду.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга чейин арзан баада алынган күйүүчү майдын кору азайып, жаңысы кымбаттап жатканын кабарлаган. Мунай ташуучулар мурда арзан баада алып келинген күйүүчү май азайып жатканын, ички рыноктогу таңкыстыкка жол бербөө үчүн кийинки ири партияларды сатып алуу үчүн келишим түзүү зарылчылыгы бар экенин эскертишкен.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АИ-92, автогаз жана дизелдин баасы туруктуу болорун, бирок АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)
Шерине