Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Акылбек Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий берди

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр голд компани” ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөрдөн” 630 миллион доллар жоголгону” тууралуу сөзүнө комментарий берди.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Тенгиз Бөлтүрүк койгон дооматы боюнча документтерди көрсөтүшү керектигин айтты.

“Кыргыз өкмөтү аны (ред: Тенгиз Бөлтүрүк) “Центерра голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү кылганбыз. “Центерранын” эсептеринин баары тыш жакта болчу. Кыргызстанда айлык акыга, жашаганга эле акчасы болбосо калганы тышта болчу. Биз ага (ред: Тенгиз Бөлтүрүк) "жаман иштер болбосун карап тур, кандайдыр бир кагаз болсо бизге айтасың" дегенбиз. “Центерра” 20 жылдан бери эле “Кумтөр голд компаниге” 630 миллион доллар насыя берилди, жылдын аягында аны дивиденддин эсебинен кайра жапты” деп коюп эле бизге эч нерсе төлөбөй келген. 630 миллион доллар деген “Кумтөрдөгү” бухгалтердик баланстык баасы. “Кумтөр” бөлүнүп Кыргызстанга кеткенде “Центерра” өзүнүн бухгалтердик отчетунан 630 миллион долларды “Кумтөрдүн” баасы катары чыгарып койгон. Бул отчетту директорлор кеңеши бекиткен. Тенгиз Бөлтүрүк анын мүчөсү болгон. Отчет англис, орус, кыргыз тилинде да турат”, - деди ал.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк ал “Кумтөрдүн” директору кызматына келгенге бир ай калганда президент Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана “Центерра голддун” жетекчилери ишканадан 630 миллион долларды уурдап кетишкенин” айткан. Ал “Кумтөр голд компаниге” жетекчи болуп келгенде банктагы эсебинде 46 миң гана доллар калганын кошумчалаган.

Канадалык “Центерра голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр голд компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. Өкмөт “мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес” деген негизде аталган холдингди жоюу чечимин кабыл алган.

Башкы прокуратура 2022-жылы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.

Мекеме 2023-жылы май айында 844 млн 512 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

2023-жылы 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөрдөгү” миллиондогон сомдук коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Сот чечими менен анын үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган.

Тенгиз Бөлтүрүк акыркы күндөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алуудагы анын эмгеги бааланбай калганын айтып, президент Садыр Жапаровду, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровду сындап келатат. (BTo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG