Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Прокурор соттон Имамидин Ташовду тогуз жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырууну өтүндү

Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 16-июль, 2026-жыл
Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 16-июль, 2026-жыл

Бишкек шаардык соту 16-июль түштөн кийин да абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароону улантып, жарыш сөз аяктады. Бул тууралуу отурумга катышкан "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Жараян ачык өттү. Прокурор соттон райондук соттун Имамидин Ташовго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Жактоочулар аны актоону суранышты.

Иш күнү аяктаган соң отурум жыйынтыкталып, 17-июль, саат 12:00гө жылдырылды. Эртең айыпталуучу акыркы сөзүн айтса, сот андан кийин өкүм чыгармакчы.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG