Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Тажикстан балдарга карата зомбулуктун жазасын катаалдатканы жатат

Иллюстрация
Иллюстрация

Тажик бийлиги сексуалдык мүнөздөгү, анын ичинде балдарга карата жасалган ушундай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 15-июлда Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин төрайымы Бунафша Файзиддинзода билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы алты айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 154 факт катталган, анын жетөө сексуалдык мүнөздөгү кылмыш экени аныкталган.

Файзиддинзода айыпталуучулар кимдер экенин тактаган жок, бирок сексуалдык зомбулук үй-бүлө ичинде болгонун белгиледи. Ал жабыркагандар арасында жашы жете электер бардыгын, зомбулук көрсөткөндөр жакын туугандары экенин билдирди.

"Кыздар болгон окуяны айтуудан коркушу мүмкүн, ал эми энелери уялгандыктан укук коргоо органдарына өз убагында кайрылбайт", - деди комитеттин жетекчиси.

Файзиддинзода өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде педофилияны жазалоону күчөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатканын билдирди.

Учурда Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинде жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыш үчүн бир нече берене боюнча эки жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза чарасы каралган.


Шерине

XS
SM
MD
LG