Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Футбол: Дүйнө чемпионатынын финалында Испания менен Аргентина беттешет

Аргентиналыктар жеңишин майрамдап жатат. АКШ, Атланта шаарындагы стадион. 15-июль, 2026-жыл.
Аргентиналыктар жеңишин майрамдап жатат. АКШ, Атланта шаарындагы стадион. 15-июль, 2026-жыл.

Аргентинанын курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Англияны 2:1 эсебинде жеңди. Финалда Испания менен Аргентина беттешет.

Жекшембиде өтө турган финалда аргентиналыктар дүйнө чемпиону наамын сактап калууга аракет кылмакчы. Англия болсо үчүнчү орун үчүн Францияга каршы ойнойт.

Жарым финалдык оюнда аргентиналыктар эң оор беттештеринин бирин өткөрдү. Англия беттештин алгачкы жыйырма мүнөтүндө дээрлик үстөмдүк кылып, катуу басым жасады. Эсепти биринчи болуп англиялыктар ачты. Бирок Энтони Гордондун голунан кийин аргентиналыктар атаандашына тынымсыз чабуул жасап, оюнду дээрлик көзөмөлүнө алды. Англиянын жалгыз гол менен коргонууга өтүп, эсепти сактап калуу аракетинен майнап болбоду. Беттештин 85-мүнөтүндө Энцо Фернандес эсепти теңеди. Кошумча берилген убакыттын экинчи мүнөтүндө Лионель Мессинин чыгарган тобун алмашуудан чыккан Лаутаро Мартинес башы менен дарбазага киргизип, Аргентинага жеңиш алып келди.

Англия менен Аргентина дүйнө чемпионаттарында буга чейин бир нече ирет тарыхый беттештерди өткөрүшкөн. 1966-жылы Англияда өткөн чемпионаттын чейрек финалында дагы эки команда бет келип, Аргентина утулуп калган (1:0). Өтө курч жана чыңалуу менен өткөн андагы оюнда аргентиналыктардын капитаны кызыл айып кагазын алып, аны талаадан полиция кызматкерлери коштоп чыкканы бар. 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында эки команда кайра эле чейрек финалда бет келип, Диего Марадонанын атактуу “Кудайдын колу менен киргизген голу" Аргентинаны жеңишке жеткирген (2:1). 1998-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында дагы эки курама ойноп, бул оюн дагы өтө чуулгандуу болду. Анда Дэвид Бекхэм кызыл айып кагазын алган. Жыйынтыгында 2:2 эсебинде аяктап, бирок пенальтилер сериясында Аргентина жеңген.

11-июнда башталып, 19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат.

Финалдык беттеш 20-июлга караган түнү болот. 19-июлда коло медал үчүн Франция менен Англия ойномокчу. (AbA)


Шерине

XS
SM
MD
LG