Америкалык аскерлер Ислам жумуриятындагы бир нече жайды бутага алганын билдирсе, Тегеран Бахрейндеги жана Кувейттеги базаларды аткылаган. Ал арада АКШ Ормуз кысыгындагы мунай танкерине сокку урганда индиялык үч кемечи кызматкер каза тапты. Убактылуу жарашуу жарыялангандан берки эң олуттуу эскалация Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу күмөн саноону күчөттү.
"Мыкты келишим" тууралуу билдирүү
АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу боюнча Иран менен "мыкты келишим" жетишилгенин жана ага дем алыш күндөрү, балким, Европада кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди.
"Биз Иран менен согуш боюнча мыкты келишим түздүк", - деди Трамп 11-июнда Ак үйдө журналисттерге.
Бирок ал келишим дагы эле "акыркы бир нече күндө бүтүшү керек болгон документтерди толтурууга байланыштуу" болуп жатканын кошумчалады.
Журналисттердин Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи келишимди жактырган-жактырбаганы тууралуу суроосуна Дональд Трамп:
"Менин түшүнүгүм боюнча, жооп - "Ооба", - деп жооп берди.
Трамп келишимди "абдан күчтүү өз ара түшүнүшүү меморандуму" деп атап, ал "бир аз концептуалдуу, бирок ишке ашат" деп кошумчалады.
"Бизде Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт деген келишим бар жана биз ушул максатта иштедик. Ошондуктан бул абдан маанилүү окуя", - деди Трамп журналисттерге.
Кол коюу аземине ал өзү катыша албай турганын, бирок вице-президент Жей Ди Вэнс катышарын кошумчалады.
Ал тапта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи келишимге тез арада кол коюу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүндө Иран азырынча акыркы чечимин кабыл ала электигин билдирди.
Ал көптөгөн деталдар макулдашылганын айтты, бирок Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги "америкалыктар позициясын тынымсыз өзгөртүп жатышат" деп кабарлады.
АКШ лидери Тегеран менен согушту токтотууга багытталган келишим сөзсүз болот деп бир нече жолу билдирген, бирок сүйлөшүүлөр акыркы мунасага жетпей үзгүлтүккө учурап келген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Трамптын аракети менен жетишилген кандай гана келишим болбосун, ыраазы экенин билдирди, бирок ал меморандумга кол койгон тарап эместигин баса белгиледи.
28-февралда согуш башталгандан кийин Иран дээрлик жаап салган Ормуз кысыгы боюнча Трамп тараптар "тийиштүү келишимге жетишкенден кийин" ал жер ачыларын билдирди.
"Кысык келишимге кол койгондон кийин расмий түрдө ачылат, бул жакында, абдан жакында, балким ушул дем алыш күндөрү Европада болушу мүмкүн", - деди ал.
Иран менен сүйлөшүүлөрдө жакшы жылыш бар экени тууралуу билдирүү алдында, бир нече саат мурда Трамп Иранга каршы убада кылган соккуларды токтотконун жарыялаган.
"Иран Ислам Республикасы менен сүйлөшүүлөр Ирандын жетекчилигинин эң жогорку деңгээлине жетип, бекитилгендиктен мен Америка Кошмо Штаттарынын президенти катары бүгүнкү кечте Иранга каршы пландалган соккуларды жана жардырууларды токтоттум", - деди Трамп өз билдирүүсүндө.
Трамп "келишимдерди жана соңку пункттарды" Америка Кошмо Штаттары, Израил, Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Түркия, Пакистан, Бахрейн, Кувейт, Иордания, Египет жана башкалар колдогонун кошумчалады.
"Деңиз блокадасы бул келишим толук кабыл алынганга чейин күчүндө кала берет. Кол коюу убактысы жана орду жакында жарыяланат", - деди ал.
Трамптын комментарийлеринен көп өтпөй Иран парламентинин төрагасы Мохаммед Багер Калибаф Кошмо Штаттарды "көйгөйдөн башы чыкпаган" абалга кептелип калбоо тууралуу эскертти.
"Туура эмес стратегиялар жана шашма чечимдер жалпы системадагы абалды начарлатат, энергетикалык инфраструктураны, экономиканы талкалайт, силер көптөгөн жылдарга кептелип калышыңар ыктымал болгон "көйгөйдөн башы чыкпаган" абалды жаратат", - деп жазды ал 11-июнда Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Трамптын сокку урулары тууралуу эскертүүсү
Дональд Трамп 11-июнда Х социалдык тармагына жарыялаган постунда Ирандын мунай инфраструктурасын, кара май экспорттоочу негизги хабы болгон Харг аралын басып алышарын айтып коркутту:
«Бүгүн кечинде Кошмо Штаттар (флоту, аба аскерлери, радарлары, зениттик жабдуулары жана башка коргонуу каражаттары, чабуул коюучу дарамети талкаланган) Иранга абадан катуу сокку урат…Кайсы бир маалда, жакынкы учурда Венесуэладай кылып, алардын мунай-газ рыногун көзөмөлгө алабыз».
Бейшембиде Иран АКШ түн ичинде сокку урганын айтып, Ормуз кысыгы толугу менен жабылганын жарыялады жана стратегиялык каналдан өтүүгө аракеттенген ар бир кеме чабуулга кабыларын эскертти.
Кийинчерээк ирандык маалымат каражаттары эки кеме соккуга туш болгонун жазышты.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) ал маалыматтарды четке какты жана соода кемелеринин кыймылы үзгүлтүккө учурабаганын билдирди. Согушка чейин Ормуздан дүйнөлүк кара май менен газдын 20 проценти ташылчу.
Шаршембиде америкалык аскерлер Ирандагы байкоо жүргүзүү, байланыш системаларына, чалгын объекттерине жана Абадан коргонуу системаларына каршы сокку урган. Вашингтондун айтымында, ошол жайлар америкалык күчтөргө жана эл аралык деңиз каттамына коркунуч жаратууда.
“Соккулар Ирандын негизсиз жана токтобой жаткан агрессиясына жооп иретинде урулууда. Америкалык аскерлер кыраакы, курал колдонууга даяр турат”, - деп айтылат CENTCOM шаршембинин кечинде Х социалдык тармагына чыгарган постунда.
Ислам жумурияты сөз болгон чабуулга Бахрейндеги жана Кувейттеги АКШга байланышы бар буталарды ракета жана дрондор менен аткылап жооп берди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу 18 жайга, арасында Кувейттеги Али-Ал-Салем жана Ахмед ал-Жабер авиабазаларына, Бахрейндеги Шейх Иса базасына сокку урулганын билдирди.
Эки өлкөдө тең аба соккусун эскерткен сиреналар жаңырып, элге коопсуз жерлерде башкалкалоо көрсөтмөсү берилген.
Соңку куралдуу эскалация америкалык Apache тик учагы Ормуз кысыгына жакын жерде кулап түшкөндөн кийин тутанган. CENTCOM экипаждын эки мүчөсү куткарылганын маалымдаган. Президент Трамп тик учакты Иран атып түшүргөн деп күнөөлөгөн. Көп узабай америкалык аскерлер Ислам жумуриятындагы радарларга жана командалык системаларга сокку урган.
“Биз келишим түзүүгө жакындаганбыз, бирок алар бизге калп айтып, оюнду улантып жатышат”, - деп айткан Трамп 10-июнда журналисттерге.
Fox News кабарлагандай, президент Тегеран келишимдин алкагы боюнча макулдашууга көнбөсө АКШ аскердик операцияны активдештирет деп эскертти.
Согуштук аракеттердин жанданышы регионалдык стабилдүүлүккө, кара май ташуу, дипломатиялык аракеттердин натыйжалуулугуна байланыштуу тынчсызданууну күчөттү.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш аткылоону токтотууга чакырды жана Жакынкы Чыгыш кризиске "тереңирээк батып баратканын” эскертти:
“Үстүбүздөгү аптада жапырт чабуулдарга жана абалдын мындан аркы начарлашына күбө болдук . Чабуулдар токтошу керек, эч кандай шылтоо, актануулар болбошу керек”.
Аналитиктердин айтымында, акыркы чабуулдар АКШнын аскердик кысым менен дипломатияны айкалыштырган стратегиясын чагылдырат.
"Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусуна каршы" уюмунун саясат боюнча директору Жейсон Бродски Трамп администрациясы аскердик аракеттерди экономикалык басымды күчөтүү менен кошо колдонуп жатканын белгилейт:
“Бул Трамп 2025-жылдан бери колдонуп келаткан дипломатиялык оюндун дагы бир бөлүгү. Трамп өз шарттарын айтат, кээде белгилүү бир мөөнөттү атайт. Тегеран тил эмизип, убакытты чое берсе, сокку урат. Мындай абал Трамп администрациясын канааттандырган жыйынтыкка чейин уланышы ыктымал”.
"Демократияны коргоо фондунун" экономикалык жана финансылык жардам борборунун изилдөөчүсү Макс Мейзлиш Вашингтон Тегеранды стратегиялык чечим кабыл алдыргысы келет деген көз карашы менен бөлүшөт:
“Президент Трамп Иранды тандоо жасоого түртүүдө. Келишимге көнгүлө же аскердик кысымдын күчөшүнө туш болосуңар деген шарт коюуда”.
Ошол эле маалда, эксперт эскерткендей, макулдашуу түзүлгөн күндө да Ислам жумуриятынын жетекчилиги жараткан негизги маселе жоюлат деген кепилдик жок.
“Тегеран келишимге кол койсо да, ошол эле режим бийликте кала берет. Кысым азайганда калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт, армияны кайра куралдантат жана кол жоолук террордук уюмдарга таянуусун күчөтөт”, - деп эсептейт Мейзлиш.
Ушундан улам Вашингтон аскердик операция менен чектелбөөгө тийиш деп кошумчалайт эксперт:
“Вашингтон аскердик кысым менен бирге Ирандын согуш машинасын каржылаган кытайлык түйүндөргө каршы катаал чара көрүшү керек. Себеби келишим түзүлүп, бирок финансылык каналдар ошол бойдон калса, Тегеран тез эле калыбына келип, регионго кайрадан коркунуч жаратууга кудуреттүү болуп калат”.
Ошол эле маалда кырдаалдын курчушуна карабай дипломатиялык аракеттер уланууда. Соңку маалыматтар боюнча катардык арачылар Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Тегеранга жөнөдү.
Бирок соңку эскалация дипломатиядан майнап чыгабы деген суроонун айланасында күмөн саноону күчөттү.
Шерине