2-июнда Бишкектин Манас проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан бир адам мүрт кетип, дагы беш киши жаракат алды.
Маалыматка ылайык, КIA Optima үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып жүк ташыган машинени, андан кийин №52 автобусту сүзгөн. Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Ал эми КIA Optima машинесинин айдоочусу кырсык болгон жерден мүрт кеткен.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
21-майда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектин Фрунзе көчөсүндө күн чыгыш тарапка бара жатып жети машинени сүзгөн.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине