Бишкекте жаан жааган сайын көчөлөр, тротуарлар көлчүккө айланып жатканына нааразылыгын Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова билдирди. Депутат бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 2-июндагы жыйынында айтты:
"Жаан жааса эле жолдорубуз, тротуарларыбыз сууга толуп, көлчүккө айланып жатат. Чоңдор, балдар суу кечип жүрүшөт. Ирригациялык системалар жакшы иштелип чыккан эмеспи? Көчөлөрдүн салынышы боюнча долбоорлорду ким көзөмөлдөп, ким кабыл алат?", - деп суроо койду депутат.
Кабылбекованын суроосуна Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев жооп берип, арыктардын эскилиги жеткендигин жана алардын үстүнө курулуш курулуп кеткенин негиз кылды. Алиевдин айтымында, борбор калаада 410 чакырым ирригациялык система бар, анын ишине "Жашылкурулуш" ишканасы көз салат.
"Мурунку убактарда суу чогулган 57 локация болсо, акыркы убакта тогузу гана калды. Мэрия эскирген арыктарды жаңыртып, иретке келтирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деди Алиев.
Жаз айларында нөшөр жаагандан кийин Бишкектин көчөлөрүнө суу толуп, жөө адамдар суу кечип жүргөнү, айрымдары көлчүккө түшүп кеткени тартылган сүрөт, видеолор соцтармактарга улам жарыяланып келет. Интернет колдонуучулар буга жол курууда ирригациялык системаларга көңүл бурбаганы үчүн мэрияны айыпташкан учурлар да бар.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине