Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Ошто жол тескөөчүлөрдүн машинесин сүзгөн мас айдоочу камалды

Кармалган айдоочу.
Кармалган айдоочу.

Ошто мас болуп автоунаа айдап, жол тескөөчүлөргө баш ийбей Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматтык автоунаасын сүзүп токтогон 18 жаштагы айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирип, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

1-июнда саат 13:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында токтоп турган Kia K5 үлгүсүндөгү машинени Mercedes-Benz C200 автоунаасынын айдоочусу сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.

Машинени токтотуу үчүн жол тескөөчүлөр Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосушкан. Айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.

Кыргыз-Чек постунда патрулдук автоунаа менен жол тосулганда айдоочу кызматтык автоунааны, андан соң Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинени сүзүп токтогон. Текшерүүдө Mercedes-Benz C200 машинесинин айдоочусу мас экени аныкталган. Унаада дагы эки жүргүнчү болгон.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 30-майда Суусамырда болгон кырсыктан төрт адам мүрт кетип, дагы алты киши жаракат алды.

14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG