Агартуу министрлиги орто мектептерди алты күндүк окууга өткөрүү тууралуу демилгеге түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы өткөрүлөт. Ушундан улам 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо чечими кабыл алынган. Окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.
Буга байланыштуу билим берүү программаларынын толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн 6–11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда. Анын мектептин жетекчилиги, окуучулардын ата-энелери жана тиешелүү аймактык билим берүү мекемелери менен макулдашылат.
Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы сакталат.
Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында аптасына алты күндүк окутууну кайра киргизүү сунушун берип, токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Бул коомчулукта талкуу жараткан. (BTo)
Шерине