Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Бакудагы Алят портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турат

Алят портунда турган фуралар. Азербайжан, 16-апрель 2026-жыл.
Алят портунда турган фуралар. Азербайжан, 16-апрель 2026-жыл.

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турат.

Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан кийин Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапканы Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калды.

Тажикстандык айрым ишкерлер менен айдоочулар Каспийден өтүүнү эки жумадан бери күтүп жатышканын айтып берди.

Алардын бири 15-апрелде «Озоди» радиосу менен маекте белгилегендей, бир эле маалда жүздөгөн оор машина деңизден өтүүнү каалайт, бирок паромдор анча фураны батыра албайт. Дагы бирөө учурда ал жерде 4 миңден көп фура топтолуп калганын айтат.

Мурда жүк ташыган машиналар Европадан жана Түркиядан кара жол менен келатканда Иран аркылуу өтүп, Түркмөнстанга кирчү.

Алят портунан Түркмөнстандагы Түркмөнбаши портуна чейинки жол 12 саатты түзөт.

Айдоочулардын айтымында, алар негизинен жеңил машина, түрдүү жабдууларды жана кийим-кече алып келатышат.

28-февралда АКШ менен Израил чабуулун баштаганда Иран өз чек араларын жапкан. 8-апрелде убактылуу жарашуу жарыяланганы менен чек аралар ачыла элек.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG