Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстанда катталган орусиялык Grinex криптобиржасы 1 млрд рубл уурдалганын билдирди

Батыштын "кара тизмесине" киргизилген орусиялык Grinex криптобиржасы ири хакердик чабуулга туш болгонун, ага чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары катышкан болушу мүмкүн деп билдирди. Маалыматка караганда, криптокапчыктардан орусиялык кардарлардын 1 млрд рублдан (13,10 миллион доллар) ашуун акчасы уурдалды.

Биржа чабуул Орусиянын финансылык суверенитетине зыян келтирүүнү көздөгөн деп эсептейт.

Чабуулдан кийин Grinex өз ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгонун маалымдады.

Бул тууралуу жазган "Рейтер" агенттиги биржанын билдирүүсүн көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн болбогонун белгилейт.

Кыргызстанда жайгашкан биржага АКШ, Британия жана Еврошаркет санкция салган.

2024-жылы катталган Grinex криптобиржасында рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылган. Кыргызстанда катталган А7А5 эл аралык криптовалюта базарында чоң көрсөткүчтөргө жетип, жылдык жүгүртүүсү 100 млрд долларга чукулдаганы быйыл март айында жарыяланган.

Былтыр июнда Financial Times басылмасы өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөн иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген.

"Азаттык" Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганын иликтеп чыккан. Анда A7a5.kg сайтындагы маалыматка ылайык, алар 100 млрд рублге тете стейблкоинди сатышканы белгилүү болгон.

Европа Биримдиги Орусиянын Украинага согуш ачканына каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга чара көрүү тууралуу жазылган. Алардын арасында “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктарын жана “ТенгриКоин” компаниясын да “кара тизмеге” киргизүү сунушун берген. Аталган банктарга "криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон" деген кине коюлган.

"ТенгриКоин" жабык акционердик коому Meer платформасы аркылуу А7А5 стейблкоинин сатууга активдүү катышканы, Орусиянын мамлекеттик “Промсвязбанкы”, А7 жана “Старый вектор” компаниялары менен кызматташканы айтылган.

Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG