Кыргызстандын жасалма документтерин, паспорт жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланууга шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 17-апрелде кабарлады.
УКМКнын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин "Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда аталган жаран жасаган башка да мүмкүн болгон кылмыштарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Шектүү кайсыл өлкөнүн жараны экени ачыкталган жок.
Ушул эле күнү УКМК террористтик уюмдун идеологиясын жактаган, издөөдө жүргөн жаран кармалганын кабарлады. Шектүү А.Т. аттуу жаран экстремисттик ишмердүүлүк үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
"37 жаштагы тургун социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот экстремисттик деп тапкан материалдарды активдүү таркатып, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын радикалдуу идеологиясын жайылтуу менен алектенген", - деп айтылды атайын кызматтын маалыматында.
Ал УКМКнын тергөө абагына камалды. (КЕ)
Шерине