Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Трамп Израил менен Ливан атышууну он күнгө токтотууну макулдашканын жарыялады

Израил менен Ливандын АКШдагы түз сүйлөшүүлөрү.  15-апрель, 2026-жыл.
Израил менен Ливандын АКШдагы түз сүйлөшүүлөрү. 15-апрель, 2026-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Израил менен Ливандын лидерлери жумага караган түнү ок атышууну токтотууну макулдашканын жарыялады.

"Мен азыр эле Ливандын урматтуу президенти Жозеф Аун жана Израилдин премьер-министри Биби (Биньямин – ред.) Нетаньяху менен жемиштүү сүйлөшүү өткөрдүм. Эки лидер өз өлкөлөрүнүн ортосунда тынчтыкка жетишүү үчүн алар расмий түрдө 10 күндүк элдешүү жарыялай тургандыктарын макулдашышты", - деп жазды Трамп Truth Social баракчасына.

АКШ президенти эки өлкөнүн лидерлерин сүйлөшүү үчүн Вашингтонго чакырганын кошумчалады.

"Эки тарап тең тынчтыкка жетишүүгө аракет кылып жатышат жана ал жакын арада ишке ашат деп ишенем", - деп билдирди Трамп.

Израилдин айрым министрлери Ливанда ок атышууну токтотуу маселесин добуш берүү аркылуу чечүүнү сунушташты, бирок премьер-министр андай болбой турганын жарыялады.

Ал "биздин күчтөр элдешүү учурунда стратегиялык аймактарда кала берет" деп айтып, бул маселени кийинчерээк талкуулоону убада кылды.

Ливандын түштүгүн аткылоону Израил Иранга таянган «Хезболла» кыймылына каршы аскердик операция деп атоодо. Нетаньяху элдешүү маалында ЦАХАЛ Ливанда "жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Сириянын чек арасына чейин" кала берерин билдирди.

Трамп өзүнүн билдирүүсүндө "Хезболла" тобу тууралуу айткан жок. "Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ "Хезболланы" террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Израил Ливандын армиясы "Хезболланын" аймакта болушун көзөмөлдөөгө жөндөмсүз экенин бир нече жолу билдирген. Андан тышкары, топтун куралдуу бөлүктөрүнүн ок атышпоо келишимин өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылышын жокко чыгарууга болбойт.

Мурдараак Вашингтондо 1993-жылдан бери биринчи жолу Израил менен Ливандын өкүлдөрүнүн ортосунда түз сүйлөшүүлөр болгон. Жолугушуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун катышуусунда өткөн. Тараптар чек араны демаркациялоо жана гуманитардык маселелерди кошуп диалогду жакын арада улантууну макулдашкан.

Бейруттун эсептөөлөрү боюнча, бир күндо эле - 8-апрелде Израилдин Ливандын аймагына соккуларынан 350дөй адам каза болуп, 1000ден ашык адам жаракат алган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG