Украинада бейшембиге караган түнү Орусиянын соккусунда каза болгондор 20га жетти. Буга чейин 16 киши набыт болгону кабарланган.
Днепропетровск облусунун аскердик администраиясынын башчысы Александр Ганжа жаракат алган бир киши ооруканада үзүлгөнүн, дагы эки кишинин сөөктөрү уранды алдынан табылганын маалымдады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жана бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Орусия бул жолу Киев, Харьков, Одесса, Днепропетровск жана Днепр аймактарын бутага алды.
"Одессадагы бул оор түндөн кийин биз сегизинчи өлүм тууралуу жаңы эле билдик", - деп жазды шаардын аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына.
Ал мурдараак Одессада түнкү чабуулдан алты адам каза болгонун билдирген.
Киевде төрт тургун, арасында 12 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, жапа чеккендер 62ге жетти.
Орус куралдуу күчтөрү 44 баллистикалык жана канаттуу ракета, 659 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, басымдуусу атып түшүрүлгөнүн Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Аткылоодон «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Борис Сачалконун батири да бүлүндү.
Шерине