Орусия Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учактын кулашына байланыштуу Азербайжанга кенемте төлөйт. Тараптар кырсыктын кесепеттерин жөнгө салуу, анын ичинде кенемте маселесин чечишкени эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери жасаган биргелешкен билдирүүдө айтылат. Дипломаттардын айтымында, тиешелүү макулдашууга президенттердин былтыр октябрда Дүйшөмбүдө өткөн кездешүүсүндө жетишилген.
"Учак Орусиянын аба мейкиндигинде “Абадан коргонуу системасынын атайылап эмес жасалган аракетинен улам” атып түшүрүлгөн", - деп белгиленет билдирүүдө.
Окуя 2024-жылдын декабрында болгон. Бакудан Чеченстандын борбору Грозныйга учуп бара жаткан Embraer J2-8243 учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерге кулаган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29у жараат алган, арасында Кыргызстандын үч жараны бар болчу.
Кенемте качан, кимдерге жана кандай көлөмдө төлөнөрү айтылган жок.
Учак Орусиянын Абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулуна туруштук берип жаткан маалда кырсыкка учураган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев учактын кыйрашына орус тарап жооптуу экенин билдирип, Москвадан күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
Орусия лайнердин кулашына тиешеси жок экенин айтып келип, дээрлик бир жылдан кийин гана күнөөсүн моюнга алган.
Мындан улам Баку менен Москва ортосундагы мамиле салкындаган.
Шерине