Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы президенти Кевин Клоуз көз жумду

Кевин Клоуз
Кевин Клоуз

АКШда журналист, бир нече радио компаниянын жетекчиси болгон Кевин Клоуз 85 жашында көз жумду.

Маркум 1940-жылы Торонтодо туулган, Гарвард университетин бүтүргөн. Беш китептин, анын ичинде «Орусия жана орустар: жабык коомдун ичинде» деген эмгектин автору.

25 жылдай Клоуз The Washington Post гезитинин кабарчысы жана улук редактору болуп, 1977-1981-жылдары Москвадагы бюросун жетектеген. Ошол маалда советтик адабиятчылар, көркөм интеллигенция, укук коргочулар, оппозиция өкүлдөрү менен жакындан таанышып калган. Жазуучу Корней Чуковскийдин үй-бүлөсү менен өзгөчө жакын достошкон.

1992-жылы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти болуп дайындалган. Анын жетекчилиги учурунда компаниянын баш кеңсеси 1995-жылы Мүнхенден Прагага көчкөн.

1998-жылдын этегинде Клоуз АКШнын Улуттук коомдук радиосун (NPR) жетектөөгө барып, 10 жыл ошол кызматты аркалады. Кийин Мериленд университетинин Журналистика коллежинин деканы болгон.

2013-жылы «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна кайрадан кайтып келген жана эки жыл компаниянын башында турду.

Маркум демократиялык көз караштарды, эркин журналистиканы жана коомдогу окуяларды терең талдоону колдогон инсан катары белгилүү болчу.

Клоуз радиону адамга эң жакын маалымат каражаты катары сыпаттаганы бар:

«Радиону угуп жатып китепти ачып, дүйнөдөгү окуяларга ой жүгүртсөң, идиш-аяк жууп, тамак даярдап, чай же кофе кайнатсаң болот. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын керемет куралы. Мен өмүр бою радиого аралашып жүрдүм, менимче, бул адамдын элестетүү жөндөмү үчүн эң жакшы медиа", - деп айткан Клоуз "Свобода" радиосуна кураган маегинде.


Шерине

XS
SM
MD
LG