Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Орусия "Европадагы ыктымал буталардын" тизмесин жарыялады

Дрон учуруу.  Иллюстрация
Дрон учуруу. Иллюстрация

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын учкучсуз учактарын чыгаруу тармагына байланышы бар делген дүйнөдөгү компаниялардын тизмесин жарыялады.

Анда украиналык ишканалардын Европадагы 11 филиалы көрсөтүлгөн. Алар Британия, Дания, Латвия, Германия, Нидерланд, Литва, Польша жана Чехияда орун алган.

Чехия, Израил, Түркия, Италия, Испания жана Германияда жайгашкан дагы 10 компания тетиктерди чыгарганы айтылат.

Министрлик тизмени ачыкка чыгаруу менен европалык коомчулукту Украинага дрон жасоого ким катышып жатканынан кабардар кылууну көздөгөнүн билдирди.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев тизмени орусиялык аскерлердин «Европадагы ыктымал буталары» деп сыпаттады.

«Окуялардын мындан аркы өнүгүшүнө жараша соккулар реалдуулук болуп калат. Европалык өнөктөштөр, тынч уктагыла!» - деп жазды экс-президент.

Мунун алдында Киев Берлин жана Осло менен коргонуу тармагындагы келишимдерге кол койгон. Асыресе Германия Пэтриот системалары үчүн ракеталарды каржылоо милдеттенмесин алды.

Ошондон кийин Москва Украинаны куралдандыруу согушту создуктуруп жатканын билдирди.

Орусия кошуна өлкөсүндөгү тынч жаткан шаар-кыштактарды күн сайын учкучсуз учактар жана ракеталардан аткылап келатат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG