16-апрелге караган түнү Украинада Орусиянын жапырт соккусунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды, ондогон киши жараат алды. Орусия бул жолу Киев, Харьков, Одесса, Днепропетровск жана Днепр аймактарын бутага алды.
"Одессадагы бул оор түндөн кийин биз сегизинчи өлүм тууралуу жаңы эле билдик", - деп жазды шаардын аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Киевге жасалган түнкү соккулардан кеминде төрт адам каза болду, 48 адам жаракат алды.
Киевдин мэри Виталий Кличко каза болгондордун арасында 12 жаштагы бала бар экенин айтты. Ал турак жайлар жабыркаганын, уранды кулаган жерлерде тез жардам жана коммуналдык кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.
Харьков да дрон соккуларына кабылды. Украинанын маалымат каражаттары жана жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, шаарда бир катар жарылуу угулуп, сокку жана өрт катталды. Харьков аймактык аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаардын эки районундагы соккунун натыйжасында көп кабаттуу үйдүн короосунда машиналар өрттөнүп кеткенин, 66 жаштагы эркек киши жана 77 жаштагы аял жаракат алганын жазды.
Днепрде да бир катар жарылуу болду. Айрым аймактарда өрт чыгып, турак жай имараттары жабыркады.
Днепропетровск аймактык аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжа орусиялыктардын чабуулунунан үч адам каза болуп, 34 адам жаракат алганын билдирди. Ал шаарда турак жай имараттары, гараждар жана унаалар күйүп жатканын, билим берүү мекемеси жабыркаганын кошумчалады.
Шерине