Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Президент облус-райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн экенин айтты

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын экинчи баскычында облустар менен райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Бизде азыр 44 район, Ноокат менен Гүлчөнү кошкондо 33 шаар бар. Облустар, райондор жоюлуп, жыйырмадай округдун тегерегинде калат. Ошондо 20 облус деп айтып койсок болот. Ошого барабыз. Бирок эми азыр алдыда үч-төрт жыл убакыт бар. Биринчи бир округду түзүп, анан пилоттук кылып эки-үч жыл көрөбүз. Өзүн өзү кандай башкарат, дотациядан чыгабы, көрөбүз. Эгерде ийгиликтүү болуп кетсе облустар менен райондорду жоюп туруп округдарга бөлүп коёбуз”, - деди президент.

Аймактык реформанын биринчи баскычы 2024-жылы ишке ашырылып, 7 облустагы 452 айыл аймактын 217си кыскарып, 235 болуп калган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG