Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги Жалал-Абад облусунда 27 мектеп авариялык абалда турганын белгилеп, Манас шаарындагы филармонияга эсептелген каражат мектептерди оңдоп-түзөөгө жумшаларын белгиледи.
Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта филармонияны курууга караганда авариялык мектептерди оңдоо маанилүү экени айтылган.
"Мектептер оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган чакта Манаста 6,8 млрд сомдук эң чоң филармония куруу максатсыз. Андан көрө каражатты бүгүнкү талаптарга ылайык келген ондон ашык жаңы мектептерди курууга сарптоо маанилүү", - деп жазылган анда.
Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотуларын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-мартта Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда билдирген. Анын сөзүнө караганда, объектинин долбоору кайрадан каралып чыгат.
Орунтаев өткөн аптада Ош, Манас шаарларына иш сапарында аталган аймактардагы курулуштардын абалы менен таанышып, ишкерлер менен жолугушкан. Эки шаардагы курулуп жаткан ири объектилердин баары министрликтин карамагына өтөрүн айткан. (ZKo)
Шерине