Казакстандын Алматы шаарындагы сот КазТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Асет Матаевди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Рена Керимова билдирди.
Анын сөзүнө караганда, судья тергөө абагынын жетекчилигин журналистке керектүү медициналык жардам көрсөтүүгө, зарыл болсо ооруканага жаткырууга милдеттендирди.
Матаевге 18-мартта "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык полиция департаменти 18-мартка караган түнү Медеу районунда төрт эркектин катышуусунда жаңжал чыкканын, алардын экөө мас абалда болгонун, журналист ушул окуянын негизинде камалганын кабарлаган.
Матаевдин жактоочусунун айтымында, ал урушкан тараптарды арачалаган жана ошол маалда башынан катуу жараат алган. Полиция бул маалыматты жокко чыгарган.
Сөз эркиндигин коргоо боюнча "Әділ сөз" эл аралык фонду бул окуяны акыйкат иликтөөгө чакырган.
Буга чейин Матаев менен КазТАГ агенттигинин башкы редактору Амир Касенов миллиардер Тимур Турловго таандык Freedom Finance брокердик компаниясынын арызынын негизинде козголгон иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан. Журналисттерге "атайылап жалган маалымат таратуу" беренеси менен айып коюлган.
Ага чейин бул сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.
Тимур Турлов Орусияда туулган, кийин казак жарандыгын алган ишкер.
Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom Finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТАГ буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.
Шерине