Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Экологияга зыян келтиргендерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда

Кыргызстандагы кендердин бири.
Кыргызстандагы кендердин бири.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөгө жана жер казынасына олуттуу же ири зыян келтиргендерге жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштоодо.

Буга байланыштуу "Кылмыш-жаза кодексине", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

"Сунушталып жаткан толуктоолордун негизги максаты – жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык макулдашуулардын шарттарын атайылап же этиятсыздыктан бузган, ошондой эле бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча белгиленген талаптарды аткарбаган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну камсыз кылуучу натыйжалуу укуктук механизмди түзүү болуп саналат. Мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануучулардын жана жерди бузууга байланыштуу иштерди жүргүзгөн башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин тартибин жогорулатууга, экологиялык жана техникалык коопсуздуктун кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган", - деп жазылган документтин негиздеме-маалымкатында.

Министрлик жер казынасын пайдаланууда лицензиялык келишимдин (уруксаттын) шарттарын бузуп же аткарбаган учурда, бузулган жерлерди рекультивациялоо талаптарын бузулса 100 миңден 300 миң сомго чейин айып салынып, үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Долпран алтын кенин иштеткен кытайлык компаниянын башчысы ири өлчөмдөгү зыян келтирүүгө шек саналып кармалганын билдирди. Бул кенге байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн, бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун маалымдаган.

УКМК былтыр июнда Жалал-Абадда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган. Мындай ишкана түзүлүп-түзүлбөгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар, экологдор айрыкча Чаткалда алтын казган, чайкаган компаниялардын айынан жаратылыш бүлүнүп жатканын айтып келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG