Ирандык маалымат каражаттары мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын каза болгону тууралуу маалыматты төгүндөштү. 1-мартта ILNA агенттиги Ирандын алтынчы президенти АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган биргелешкен соккусунун натыйжасында набыт болгонун жазып чыккан. Кийинчерээк бул кабар сайтынан өчүрүлгөн.
Агенттиктин билдирүүсүндө Ахмадинежад бутага алынган Нармак районундагы резиденциясында болгону айтылган. Иран бийлиги маалыматты расмий ырастаган жок.
Ахмадинежад 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон. Ага чейин Ардебил провинциясынын губернатору жана Тегерандын мэри кызматтарын аркалаган.
Президенттиктен кеткенден кийин өлкөнүн Жогорку лидерине караштуу кеңеш берүүчү орган – Максаттуулукту аныктоо кеңешинин мүчөсү болгон.
- 28-февралда Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз болгонуна байланыштуу Израил менен бирге Тегеранга каршы масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Соккулардын натыйжасында аятолла Али Хаменеи жана Ирандын башка жогорку жетекчилери өлтүрүлгөн.
- Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменеинин өлтүрүлүшүн “үрөй учурган кылмыш” деп атап, өч алууну убада кылды. Иран жооп кайтаруу операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге сокку урду.
- Азыркы тапта Хаменеинин мураскерин 88 дин аалымынан турган кеңеш тандап алышы керек.
Шерине