Иранда соңку чабуулдардын айынан кеминде 40 өмүр кыйылганын жергиликтүү бийлик билдиргени кабарланды.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясындагы Минаб шаарында, жергиликтүү губернатордун айтымында, кыздар окуган мектепте 40 өлүм катталды, дагы 48 адам жараат алды.
Эгер бул маалымат расмий тастыкталса, алар АКШ менен Израилдин 28-февралдагы Иранга каршы аскердик операциясынын жайкын тургундар арасындагы алгачкы курмандыктары деп эсептелет.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аталган аймактагы кабарчылары азырынча бул маалыматтын аныктыгын ырастай элек.
Минабда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскердик базаларынын бири жайгашкан.
Буга чейин IRNA мамлекеттик кабар агенттиги Израил менен АКШнын биргелешкен аскердик операциясы маалында Минаб шаарында беш окуучу кыз набыт болгонун жазган.
Шерине