Ирандын коргоо министри жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири жок кылынганы кабарланды
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын коргоо министри Амир Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Мохаммед Пакпур Израилдин соңку соккуларынын кесепетинде жок кылынган болушу ыктымал.
Бул тууралуу Израилдин аскердик операциясы тууралуу кабардар болгон кеминде эки адам, мындан тышкары аймактагы дагы бир булак маалымат беришкени айтылды.
The Times of Israel басылмасы Пакпур, Насирзаде жана Ирандын чалгын мекемесинин башчысы жок кылынган болушу мүмкүн экенин израилдик аскер кызматкерлеринин айтканына таянып жазган болчу.
Ирандын башкы дипломаты аятолла Хаменеи да, президент Пезешкиан да аман экенин айтты
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын жана Израилдин соңку соккуларынан улам өлкөнүн жогорку бийлик башчыларынын абалы тууралуу маалымат берип, "дээрлик баары аман-эсен" экенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-февралда NBC телеканалына маалымат берип жатып айтты.
Ал, балким, офицерлер арасында жоготуу болушу ыктымал экенин кабарлап, "Бир же эки командирибизден айрылган болушубуз мүмкүн. Бирок бул чоң проблема эмес. Биз кырдаалды көзөмөлдөп турабыз" деди.
Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөрдүн аймагына жасалып жаткан Ирандын соккулары тууралуу Аракчи ирандыктардын жаңжалды ырбатуу ниети жоктугун билдирди жана "Биздин аларга кол салуу ниетибиз жок, биз өзүбүздү коргоо максатында америкалык базаларды бутага алып жатабыз" деп айтты.
Ошону менен катар Ирандын башкы дипломаты өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр эң маанилүү жерине келген учурда сокку урулганын айыптады.
Өлкөнүн жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеинин жана президент Масуд Пезешкиандын тагдыры эмне болгону тууралуу түз суроого ал: «Менин билишимче, ооба, алар аман. Сот бийлигинин башчысы [Голам Хоссейн Мохсени-Эжеи] да, парламент спикери [Мохаммад Багер Калибаф] да. Жогорку кызматтагы жетекчилердин баары аман. Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы [Али Ларижани] дагы. Баары ордунда, биз кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштеп жатабыз" деп жооп берди.
The New York Times басылмасы буга чейин АКШ менен Израилдин Иранга каршы бүгүнкү соккуларынын биринчи толкунунун максаты ислам жумуриятынын лидерлерин жок кылуу болгонун өз булактарына таянып жазган. Бул тууралуу басылмага Израилдин коопсуздук күчтөрүндөгү кеминде үч булак да билдиргени маалымдалган.
Ирандын Кызыл Чырым коомунун басма сөз катчысы АКШ жана Израилдин соккуларынан 20 провинция жабыркаганын маалымдады.
Можтаба Халеди куткаруучулар Минабдагы мектепке болгон чабуулдан кийин жараат алгандарды ооруканаларга жектирип, урандыларды тазалап жатышканын айтты.
Ал элди сокку урулган жерлерден “100 метр алыс” турууга жана өз коопсуздугу үчүн ал жактарда чогулбоого чакырды.
Анын алдында өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясындагы Минаб шаарында кыздар окуган мектепте 40 өлүм катталып, 48 адам жараат алганын жергиликтүү губернатор билдирген.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу азырынча бул маалыматтын аныктыгын көз карандысыз булактардан ырастай элек.
Улуттар уюмунун Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган атайын баяндамачы Маи Сато АКШ менен Израилдин Иранга сокку урганын сындады. Анын айтымында, чабуул “БУУнун Хартиясын бузуу менен жана Коопсуздук кеңешинин уруксатын албастан жасалды”.
“Биз эл аралык укук качан иштерин каалагандай тандай албайбыз”, - деп жазды дипломат Х социалдык тармагына жана “мыйзамсыз аскердик кийлигишүү өзөктүк курал маселесин же Ирандагы адам укуктарынын абалын чече албайт” деп белгиледи.
Сато кырдаалдын курчушу “адам укуктарына, өзгөчө карапайым адамдарга жана инфраструктурага кандай таасир этип жатканына" көз салып турганын билдирди.
Шерине