Перс булуңундагы жарылуулар, Иран АКШнын базаларына сокку урганын ырастады
Жакынкы Чыгыштагы соңку соккулар тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөр өз аймагына жана америкалык аскердик объектилерге Иран тараптан жасалган соккуларга каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдап жатышат.
Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде бир нече жарылуу болгонун Reuters жана AFP маалымат агенттиктери жергиликтүү булактарга таянып жазышты.
Катар ракеталык соккулардан улам өзүнүн аба мейкиндигин жаап, эгер зарыл болсо жооп чара көрүүгө даярдыгын билдирди.
Сауд Арабиясы "Иран ырайымсыз агрессия" көрсөткөнүн белгилеп, БАЭ, Бахрейн, Катар, Кувейт жана Иордания мамлекеттеринин суверенитетине олуттуу зыян келтирүү аракети болгонун айтып, Тегеранды айыптады. Бул өлкөнүн борбору Эр-Риядга да Иран сокку урганы тууралуу кабарланган, бирок жогорудагы расмий билдирүүдө бул маалымат расмий тастыкталган жок.
Иран ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын жана Израилдин соңку соккуларына жооп иретинде Бахрейндеги, Катардагы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагындагы америкалык базаларга чабуул койгонун билдирип, соккуларын улантарын белгилеген.
АКШ менен Израил Иранга каршы ири, координацияланган аба чабуулдарын жүргүзүп жаткан шартта Иранда интернет "дээрлик толук" өчүрүлүүдө.
Интернетти көзөмөлдөөчү NetBlocks уюмунун маалыматына караганда, 28-февралда өлкөдөгү байланыш кадимки деңгээлдин 4 пайызына чейин төмөндөп, аскердик операция күчөгөн сайын маалымат агымы кескин чектелип жатат.
Ирандын бир катар жаңылык сайттары, анын ичинде мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги анын алдында өлкө олуттуу киберчабуулга туш болгонун билдиришкен, интернет ошондон кийин жакшы иштебей баштаган.
NetBlocks ушундай эле абал былтыр Израил менен болгон 12 күндүк тирешүү маалында да катталганын, интернетти чектөө өкмөттүн чечими болушу толук ыктымал экенин белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы операцияга байланыштуу америкалыктарга кезектеги кайрылуусун жасайт. Бул тууралуу АКШдагы саясий жаңылыктарды жазган Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равид билдирди.
Ал өзүнүн Вашингтондон жана өлкөнүн тышкы саясаты боюнча инсайдердик маалыматтары менен белгилүү кабарчы.
АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралга караган түнү Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирген. Ал Truth социалдык түйүнүнө сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, Израилдин Иранга сокку уруусуна АКШнын түздөн-түз катышы бар экенин билдирген.
"Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция башташты. Биздин максатыбыз - Иран режими жаратып жаткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деди Трамп.
Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин соккуларына "катуу жооп берилерин" убада кылганын, Иран эли "душманга" баш ийип бербейт деп ишендиргенин Би-би-си жазды.
Тегеран соккулар бул жолу да Вашингтон менен сүйлөшүү жараяны уланып жаткан кезде жасалганын баса белгиледи. Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Израил менен АКШнын соңку аракеттери "коркоктук" жана "майдачылдык" деп аталды.
Иран бийлиги элге АКШ менен Израил аскердик операциясын Тегеранда жана башка шаарларда уланта бериши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана, мүмкүн болсо, коопсуз аймактарга кетүүгө чакырды.
Ирандагы мектептер жана университеттер ишин белгисиз мөөнөткө токтотту, банктар жана мамлекеттик мекемелердин да иши чектелди.
Шерине