Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41
Иран. 2026-жылдын 28-февралы.

Жакынкы Чыгыш: АКШ менен Израил Иранга сокку урду, Тегеран жооп кайтарды

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

Эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

17:34

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы операцияга байланыштуу америкалыктарга кезектеги кайрылуусун жасайт. Бул тууралуу АКШдагы саясий жаңылыктарды жазган Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равид билдирди.

Ал өзүнүн Вашингтондон жана өлкөнүн тышкы саясаты боюнча инсайдердик маалыматтары менен белгилүү кабарчы.

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралга караган түнү Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирген. Ал Truth социалдык түйүнүнө сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, Израилдин Иранга сокку уруусуна АКШнын түздөн-түз катышы бар экенин билдирген.

"Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция башташты. Биздин максатыбыз - Иран режими жаратып жаткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деди Трамп.

17:28

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин соккуларына "катуу жооп берилерин" убада кылганын, Иран эли "душманга" баш ийип бербейт деп ишендиргенин Би-би-си жазды.

Тегеран соккулар бул жолу да Вашингтон менен сүйлөшүү жараяны уланып жаткан кезде жасалганын баса белгиледи. Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Израил менен АКШнын соңку аракеттери "коркоктук" жана "майдачылдык" деп аталды.

Иран бийлиги элге АКШ менен Израил аскердик операциясын Тегеранда жана башка шаарларда уланта бериши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана, мүмкүн болсо, коопсуз аймактарга кетүүгө чакырды.

Ирандагы мектептер жана университеттер ишин белгисиз мөөнөткө токтотту, банктар жана мамлекеттик мекемелердин да иши чектелди.

17:16
Линдси Грэм
Линдси Грэм

АКШнын улуттук коопсуздук саясатындагы таасирдүү адамдардын бири, Иранга карата катаал позицияны көптөн бери жактап келе жаткан республикачыл сенатор Линдси Грэм Иранга каршы соңку операцияны колдогон билдирүү таратты.

Ирандагы "канкор аятолланын режими жакында жок болот деген ойдо экенин" айткан Грэм:

"Бул операция жакшы пландаштырылган. Ал катуу, кеңири масштабдуу жана акыры ийгиликтүү болот деп ишенем".


16:55

Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги Иорданиядагы Мукаф ас-Салти аба базасында жарылуу болгонун билдирди.

Агенттик бул базаны "Америкалык логистиканын борбору" жана аймактагы "АКШнын аймактагы эң маанилүү аскердик жайларынын бири" деп атады.

Анын алдында Иран Перс булуңундагы америкалык базаларга сокку урганын Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таянып билдирген.

"Ирандын ракеталык соккулары Катардагы ал-Удейд аба базасына, Кувейттеги Али ал-Салем аба базасына, Бириккен Араб Эмирликтериндеги ал-Дафра аба базасына жана Бахрейндеги АКШнын деңиз флотунун Бешинчи флотунун базасына багытталды", - деп айтылды билдирүүдө.

Reuters агенттиги Катардын борбору Дохада жана ал-Удейд аскердик базасынын жанында көптөгөң жарылуу болгонун кабарлады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Ирандын ракеталары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда жана Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу-Дабиде да жарылуулар катталды.

Өз кезегинде Ирандын Коргоо министрлиги "АКШнын аймактагы бардык аскердик базалары" Ирандын жооп иретинде жасалуучу соккусунун бутасы болорун расмий түрдө билдирди.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG