Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Пакистандын согуш учактары Ооганстанда бутага алган жерлерди бомбалоону улантты

Ооганстандын Торхам чек ара өткөөлүндөгү аскердик базасынын жанына урулган соккудан кийин. 27-февраль 2026-жыл
Ооганстандын Торхам чек ара өткөөлүндөгү аскердик базасынын жанына урулган соккудан кийин. 27-февраль 2026-жыл

Пакистандын согуш учактары жума күнү Ооганстандагы бутага алынган аймактарды бомбалоону улантты. Жергиликтүү булактар “Машал” радиосуна маалымдагандай, түштөн кийин Пактика провинциясындагы үч жерге, анын ичинде талибдердин Бермал районундагы лагерине сокку урулду.

27-февралга караган түнү Пакистандын армиясы Ооганстандын Кабул баш болгон бир нече шаарын абадан аткылаган.

Анын алдында Пакистандын коргоо министри Каважа Мухаммад Асиф Исламабаддын чыдамы түгөнгөнүн айтып, Ооганстандагы талибдер бийлиги менен “ачык согушка” өткөнүн жарыялаган. Министр муну кошуна өлкөнүн террорчуларга башкалка бергени жана терроризмди жайылтып жатканы менен түшүндүргөн.

Буга чейин "Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Пакистандын чабуулуна жооп кылып, Дюранд сызыгындагы Хост, Пактия, Нуристан провинцияларында жана башка райондордо операция башталганын маалымдаган.

"Талибдердин" Коргоо министрлигинин эсебинде пакистандык 55 коопсуздук аскери жок кылынды. Исламабад армиясы чабуулдун мизин кайтарганда 133 оогандык талиб жок кылынганын жана 200дөн ашууну жарадар болгонун билдирди.

Пакистан өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мошарраф Заиди "Кабул, Пактика жана Кандагардагы аскердик буталарга сокку урулганда дагы көптөгөн киши каза тапты деп болжолдонгонун" кошумчалады.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн боло элек.

Чек аранын бир нече тилкесинде акыркы күндөрдө атышуулар күчөгөн.

Былтыр октябрда чек арадагы кандуу кагылышуулар жана чабуулдар согуш күчөп кетиши мүмкүн деген кооптонууга жем таштаган. Кийин Катардын ортомчулугу менен ок атууну токтотуу макулдашылган.

Исламабад “Талибан” башкарган ооган бийлигин “Техрик-и-Талибан Пакистан" экстремисттик тобуна башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн мындай дооматын четке кагууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG