Канаданын командасы кышкы Паралимпиаданын 6-марттагы ачылыш аземине катышпайт. Өлкөнүн Паралимпиада комитети чечим «украин эли жана спортчулары менен тилектештик иретинде» кабыл алынганын билдирди.
Комитет Орусия жана Беларустун Паралимпиада комитеттеринин мүчөлүгүн калыбына келтирүүгө, ал эки өлкөдөн келген атлеттерге өз мамлекетинин желеги алдында катышууга уруксат берилгенине каршы чыкты.
Жалпысынан бул оюндарга алты орусиялык жана төрт беларус спортчу чакыруу алган.
Ошол эле маалда канадалык комитет паралимпиадачылар ачылыш аземи өтчү Верона алар жашаган жерден алыс болгону үчүн барбоону буга чейин эле чечкенин кошумчалады.
Бир нече күн мурун Украинанын улуттук командасы ачылыш салтанатын бойкотторун жарыялап, кийин аларга Литва, Эстония, Польша жана Чехия кошулган.
Кышкы Паралимпиада Италиянын Милан, Кортина д`Ампеццо, Тезеро жана Верона шаарларында 15-мартка чейин өтөт.
Шерине