Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Орусия Одесса менен Сумыны аткылады

Одесса шаары түнкү соккудан кийин. 27-февраль 2026-жыл
Одесса шаары түнкү соккудан кийин. 27-февраль 2026-жыл

Жумага караган түнү Орусия Одессага дрон менен чабуул койду. Облус губернатору Олег Кипер Телеграмга жазганы боюнча, үч жашар кыз жана 44 жаштагы эркек киши жарадар болду, аймактын жарандык жана өнөр жай инфраструктурасы жабыркады.

Бала бакчанын имараты, портто күйүчү май сакталган резервуарлар, турак жайдын фасады, машиналар менен медициналык жай зыян тартты.

Эртең менен Сумы шаарынын борборундагы мейманканага дүрмөт тийгенин облус башчысы Олег Григоров билдирди. Анын айтымында, биринчи соккудан кийин куткаруучулар иштеп жатканда имарат экинчи жолу аткылоого туш болгон. Бийлик эч ким жабыркабаганын, 50 киши эвакуация болгонун маалымдады.

Украинанын куралдуу күчтөрү жумага караган түнү Орусия 187 пилотсуз учак менен чабуул койгонун, анын 165и атып түшүрүлгөнүн, 14 жерге 20 дрон тийгенин билдирди.

Ошондой эле орус армиясы оккупациялаган Луганск облусундагы «Луганская» мунай базасын бутага алганы маалым болду. Украинанын Башкы штабы кабарлагандай, чабуулдан кийин «ири өрт тутанды». Донецк облусунун оккупацияланган бөлүгүндө майлоочу-күйүүчү май кампаларга жана Херсон облусунун Орусия басып алган чөлкөмүндө орун алган дрон башкаруу пунктуна сокку урулду.

Жума күнү күндүз Орусиянын бери дегенде 10 регионунда ракета коркунучу режими киргизилген. Бул тууралуу жергиликтүү медиага жана бийликтерге шилтеме менен "Медиазона" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Украинадан бир миң километр алыс жайгашкан Перм крайында жана Свердлов облусунда да согуш башталгандан бери биринчи жолу андай режим жарыяланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG