Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

28-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

28-февралда түнкүсүн Чүй, Ош облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 0…-2° суук болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG