“Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар”
Мамлекет башчы буга чейинки маектеринде Камчыбек Ташиевди “досум” деп экөө мындан ары да дос бойдон каларын айтса, 26-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кыска комментарийинде “экөөнүн ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануулар” боюнча мындай деди:
“Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет”, - деди президент.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан бери экөөнүн мамилеси, акыркы саясий чечимдер, атайын кызматты реформа кылуу боюнча бир нече жолу маек берди.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол учурда Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок. Андан бери такыр үн ката элек.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.
Чыңгыз Ажибаевди айланган “кара булут”
Ал тапта Жогорку Кеңеште дагы бир топ депутаттар мандатын тапшырары тууралуу маалыматтар тарап, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мандатынан кол жууйт делгендердин тизмесин да жарыялап жиберишти. 25-февралдын кечинде Чыңгыз Ажибаев Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) өз эрки менен мандатынан баш тартуу боюнча арыз жазганы айтылган. Депутат аны четке какты.
Ал арада парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Исманали Жороев Чыңгыз Ажибаев боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керектигин айтып чыкты. Ал Ажибаевдин атасынын уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
“Мындай маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө салып гана тим болбостон, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаттык корпусунун аброюна олуттуу көлөкө түшүрүп жатат. Ушуга байланыштуу айтылып жаткан маалыматтарга тиешелүү органдар тарабынан мыйзам чегинде укуктук баа берилиши керек деп эсептейм. Эгерде көрсөтүлгөн жагдайлар такталса, мамлекеттик бийликке болгон элдин ишенимин сактоо үчүн депутат өзүнүн кызмат орду гана эмес, мандаты боюнча да тийиштүү чечим кабыл алынышы керек”, - деди Жороев.
Буга удаа эле Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан кеткени маалым болду.
Депутат Чыңгыз Ажибаев өзү тууралуу туура эмес маалыматттар тарап, каралоо жүрүп жатканын 26-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал биринчи вице-спикерлик кызматты өз каалоосу менен тапшырганын, депутат катары ишмердигин уланта берерин билдирди:
“Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар. Алар 5 жыл мурдагы шайлоодо колдонгон жомокторун кайра токуп, жалган маалыматтарды орозонун улуу күнүндө таратып жатат. Баарын убакыт көрсөтөт, баарына шайлоочулар тараза”, - деп жазды ал.
34 жаштагы Чыңгыз Ажибаев 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №1 округдан биринчи орун менен келип, спикердин биринчи орун басары болуп шайланган. Ал кесиби боюнча юрист. 2014-2017-жылдары Башкы прокуратурада коомдук жардамчы, 2017-2021-жылдары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМК кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнүн кабарлап, алардын катарында Ажибаев да болгон. Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.
“75чилердин кайрылуусу” ЖКга кантип жетти?
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу боюнча да жаңы жагдайлар чыга баштады. Жогорку Кеңештеги “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун лидери, депутат Талант Мамытов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып кайрылуу парламентке киргизилип, каралбай калганын айтып берди.
“Кыргызстандын 75 жараны кайрылган. Анын ичинен көпчүлүгү аксакалдар. Бул парламентке келген (ред: кайрылуу) жана тиешелүү комитетке чейин жетип, кароо алдында турган. Албетте, анын жыйынтыгы кандай болмок, бизге белгисиз. Кайрылуу келгенден кийин ошол кездеги төрага, тиешелүү тармактык комитеттин төрагасы тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык каралсын делген резолюция менен түшүрүлгөн. Конституциялык соттун чечими чыккандан кийин тиешелүү адамдарга соттун чечими менен жооп берилгенин мен билем”, - деди ал.
Талант Мамытов шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу маселени Жогорку Кеңешке жеткирбеш керектигин, конституциялык беренелерди Конституциялык сот гана чечмелеп бериши зарыл экенин айтып келет.
Маселе парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралууга тийиш болчу.
Конституциялык сот 17-февралда президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт, Жапаров азыр бийликтеги биринчи мөөнөтүн иштеп жатат жана кийинки шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу деген бүтүм чыгарган.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
Жапаров Ташиевди кызматтан бошоткондон кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырды. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген. Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов жана Элдар Сулайманов да өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Шерине