Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38
Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

"Жетимиш бешчилер" иши: Беш киши камакка алынды

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотту. Бул чечимин ал "мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы биримдикти чыңдоо аракети" деп атады.

11-февралда Ташиев Жапаровдун чечими ал үчүн "өтө күтүүсүз" болгонун билдирди. Ал азыр Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экени маалым болгон.

УКМКнын төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткарууда.

Президентин жарлыгы менен УКМК төрагасынын орун басарлары да кызматтан алынып, жаңылары дайындалды.

Чек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды.

Байсалов Жапаров–Ташиев ажырымына 75 адамдын кайрылуусу негиз болгонун айтты


13:35 11.2.2026

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирди.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарып, Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.

“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.

Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан. Ал 11-февралда Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка жеткирилди.

15:18 11.2.2026

Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантат

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди”, - деп билдирген Бердикожоев.

Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна камтамачылык билдиргендер болгон.


16:01 11.2.2026

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу Ошто журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал өзү Камчыбек Ташиевдин досу жана анын кадры экенин билдирип, Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы “ажырагыс достор” экенин жана акыркы окуялар тууралуу кенен маалыматы жоктугун кошумчалады. УКМКнын мурдагы жетекчиси менен байланышканын жана эгер президент чечим кабыл алса кызматтан кетүүгө даяр экенин белгиледи.

“Ден соолугу жакшы экен. Анын (ред: Камчыбек Ташиевдин) жүрөгүндө беш стент бар да. Ошонун бири жылып кетиптир. “Президенттен Германияга 10-15 күнгө барып стентти ордуна койдуруп келейин деп уруксат сурап кеткем” дейт. “Эң өкүнүчтүүсү өздүк курам менен коштошо албай калдым” деген таарынычын айтты го. Бул эми эки достун өздөрүнүн мамилеси. Менин пикиримде эми өздүк курам менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилсе керек. Эми аны өздөрү билет да. Мага Ош шаарын оңдо дедиңер, оңдоп атабыз. Биз президенттин чечимине макулбуз. Азыр кетесиң десе мен арыз жазып кеткенге даярмын”, - деди ал.

Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ал Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. Ошко мэр болуп баргандан бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу сыяктуу иштери менен коомчулукта талкуу жараткан.

16:10 11.2.2026

Президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу боюнча маселеден улам жапырт башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалганын 11-февралда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кайрылуудагы айрым билдирүүлөр "калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан". Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш ишин козгоду.

"Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө амалдарын жүргүзүлгөн. Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди ИИМ.

Мекеме жарыялаган сүрөттөргө караганда, массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар - коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев.

Кармалгандардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун билдирди.


Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG