- автор Түмөнбай Абдинаби уулу
"Тергөөнүн колунда кандайдыр бир далилдер бар экени айдан ачык"
Cаясатчы Феликс Кулов "75чилердин каты" боюнча "Азаттыкка" учкай маек берди.
- "75чилердин каты" деген аталышта белгилүү болгон кылмыш иши жана буга айыпталып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев боюнча маселе коомчулуктун көңүл борборунда. Бул иш боюнча сот иштери да аягына жакындап, жакынкы күндөрү чечим чыгары күтүлүп жатат. Сиздин пикириңизде, сот айыптаган чечим чыгарса эмне болот?
- Бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга даярдык көрүү (КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси) айыбына токтололу. Юридикалык өңүттөн гана алганда, 75 кишинин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы тууралуу билдирүүсү айыпталуучулардын аракеттерине Кылмыш-жаза кодексинин аталган беренеси боюнча укуктук баа берүү үчүн жалгыз далилдик негиз боло албайт. Тергөөнүн колунда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин колдонууга мүмкүндүк берген башка дагы кандайдыр бир далилдер бар экени айдан ачык. Буга айрыкча үч адамдын берген көрсөтмөлөрүнүн купуялуулугу жана башка далилдер күбө катары өтөт. Бирок акыркы жыйынтык чыгаруу үчүн сот процессинин толук аякташын күтүү керек.
Ал эми саясий көз караштан алганда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана Садыр Жапаровдун ордуна өз кишисин бийликке алып келүү үчүн көшөгө артында саясий комбинациялар жүргөнүн белгилүү бир ишеним менен айтууга болот. Мындай чечимдин себеби айдан ачык. Бул тууралуу президент өзү да жарым-жартылай кыйыткан. Кийин Камчыбек Ташиевдин кызматынан бошотулушу, УКМК тутумунун реформаланышы, улуттук коопсуздук органдарынын жооптуу кызматкерлеринин камакка алынышы жана жумуштан айдалышы, айрым депутаттардын мандаттарын “өз ыктыяры менен” тапшырышы жана башка ушул сыяктуу чечимдер муну ачык ырастап турат.
- Сиз айтып жаткан топ мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү менен бийликте кандай өзгөртүү болушун каалашкан деп ойлойсуз?
- Мен бул суроого "75чилердин каты" жарыялангандан үч күндөн кийин жооп бергем. Менин көз карашымда, кат жолдогондордун идеясы мындай болгон. Алар Жапаровдун жеңишине толук ишенимдүү болуу жана бийликке кандайдыр бир оппозиционердин келип калышына жол бербөө максатын шылтоолоп, шайлоого Жапаров менен бирге Ташиевдин да катышуусун сунуштоону көздөшкөн. Бул учурда демилгечилер анын сөзсүз жеңишке жетерине толук ишенишкен.
Мен ошол кезде конституциялык мыйзамга таянуу менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушун сындап чыккам. Анткени Баш мыйзамда кезектеги шайлоо качан өтүшү керектиги так жазылган. Андан сырткары, өлкөбүз төрагалык кылып жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында жана ушул жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан шартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо уюштуруу туура эмес жана акылга сыйгыс аракет болот.
- Азыркы бийлик кызматка келгенден берки беш жылдан ашык убакытта Ташиев саясий чөйрөдө экинчи адам катары айтылып келген. Талдоочулар анын репутациясы, рейтинги жана таасири артканын айтып келишти. Ошол жагын эске алганда сот Ташиев жана ал баштаган айыпталуучуларды абакка кессе, саясий кырдаал кандай нукка өзгөрүшү мүмкүн?
- Образдуу айтканда, башкаруучу режимди кулатуу үчүн миңдеген адамдар көтөрүлүп чыгат деп үмүттөнүүнүн да кереги жок. Ташиев өзүнүн тарапташтарын мыйзамга баш ийүүгө, аны бузбоого чакырды. Ал мыйзамсыз аракеттерге бара турган болсо олуттуу кесепеттерге дуушар болорун түшүнүп турат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, эгер ага эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза берилген күндө да колдонуудагы жобого ылайык, жүрөк оорусунан жабыркаган адамдарга карата камакка алуу чарасы колдонулбайт. Мындай оорулуулар үчүн жаза шарттуу мүнөздө болушу мүмкүн. Бирок бул жерде жактоочулар бардык керектүү документтерди даярдап, тиешелүү адистердин расмий корутундусун алышы керек.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот айыпталуучулардын баарын акташы керектигин айтууда. Ал кылмыш ишинде ынанымдуу далил жок деп эсептейт.
"Эч кандай негиз жок. Далил жок. Баары каттын тегерегиндеги эле сөз. Өзүм таң калып атам. Мен ИИМдин тергөөсү үчүн уялып жатам. Эч кандай далилдер жок. Алар өздөрүнүн корутундусун далил катары көрсөтүшкөн. Таянганга эч нерсе жок. Бир да далил жок. Күлкү келерлик", - деди Икрамидин Айткулов.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде адвокаттардын жарыш сөзү аяктап, айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.
29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөзүн сүйлөп бүтүп калды. Айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев гана сүйлөй электигин, андан кийин шектүүлөргө сөз берилерин айтты.
Ал тергөөнүн материалдарында бир да далил жок экенин, сот актоо өкүмүн чыгарышы керек экенин билдирди. 29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.
Шерине