Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

№13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек. Elections to the Zhogorku Kenesh – Bishkek.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек. Elections to the Zhogorku Kenesh – Bishkek.

9-февралда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 28-февралга чейин уланып, шайлоо 1-мартта өтөт.

Бул округдан шайлоого 25 талапкер катталды. Алардын 15и эркектер, калган 10у аял талапкерлер.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул округда 94 шайлоо тилкеси ачылганын жана алдын алда тизмеге 161 миңден көп шайлоочу киргизилгенин билдирди.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG