Улуттук банк 6-февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 миллион 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 миллион 50 миң доллар саткан.
Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)
Шерине