Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Польша менен Украина биргелешип курал-жарак жасоону макулдашууда

Владимир Зеленский жана Дональд Туск. Архив сүрөт.
Владимир Зеленский жана Дональд Туск. Архив сүрөт.

Польша жана Украина биргелешип курал-жарак жана ок-дары чыгаруу ниети жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Польшанын премьер-министри Дональд Туск бул тууралуу 5-февралда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында билдирди:

"Биз муну талкуулап, Польша менен Украинанын ишканаларында биргелешип коргонуу продукциясын өндүрүү идеясын ишке ашыруу, технология алмашууну мүмкүн эмес кылган же татаалдаштырган тоскоолдуктарды жоюу үчүн бир топ аракеттерди жасадык".

Өз кезегинде Владимир Зеленский Украина менен Польша биргелешип "дрон жана башка курал" чыгарууну көздөп жатканын кошумчалады. Ал төрт жылдан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна туруштук берип келе жаткан Украина "заманбап согушта кандай курал зарыл экени боюнча эң чоң тажрыйбага ээ" деп билдирди.

Польшадан Украинага берилүүчү кийинки, 48-жардам пакетинин баасы болжол менен 47 миллион еврого бааланат деп болжолдонууда. Ага негизинен брондолгон унаа кирет.

Туск менен Зеленский эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыкты да талкуулашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG