Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

АКШ–Иран сүйлөшүүсү: Согушту алдын алуу аракети

Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи
Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи

Омандын башкалаасы Мускат шаарында 6-февралда АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталды. Делегацияларды Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштап барышты.

Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы болгон Омандын жогорку өкүлдөрү да катышууда. Бул тууралуу Ирандын бийлигине жакын Mehr агенттиги кабарлады.

Тегеранга чабуул коюу ыктымалдыгын караштырып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңуна аскердик күч жайгаштырды.

Иран сүйлөшүүлөрдө өзүнүн өзөктүк программасын гана талкуулоого аракеттенип жатат. Бирок АКШ Ислам жумуриятынын баллистикалык ракета программасын да чектеп, Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы согушкер топторго көрсөтүп жаткан колдоосуна чекит коюуну да көздөйт.

Гаагадагы так илимдер университетинин кызматкери Дэймон Голриздин айтымында, Трамп “Ирандай чоң өлкө менен согушка караганда” макулдашуу түзүүгө артыкчылык берет.

“Келишимге жетишүү, коомчулук аны Ирандын багынып берүүсүнө теңесе да, Ислам жумуриятынын кызыкчылыгына төп келет”, - деп кошумчалайт эксперт.

Мунасага келүү үчүн ирандык жана америкалык өкүлдөргө буга чейинки сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан талаш-тартыш жараткан маселелерди чечүүгө туура келмекчи.


Уран байытуу, өзөктүк отун болбошу керек

АКШ Ирандан уранды байытуу иштерин толугу менен токтотууну жана жогорку даражада байытылган 400 килограмм уран запасынан баш тартууну талап кылууда. Мындай кадамдар Тегерандын атомдук курал чыгаруусун алдын алууну көздөйт.

Буга чейин Ислам жумурияты бул талаптарды аткаруудан баш тартып келген. Бирок, эксперттердин пикиринде, бул жолу соодалашуу үчүн позициялары чабал болгондуктан чегинүүгө барышы мүмкүн.

Ирандын диниятчылар бийлиги ондогон жылдардан бери мынчалык алсыз болгон эмес. Ички толкундоолор, экономиканын кыйрашы аз келгенсип АКШ Иранга жакын жерге аскерлерин топтоп жатат.

Өлкөнүн атомдук программасы да аянычтуу абалга кептелген. Былтыр июнда Иран менен Израил ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда АКШ Фордодо жана Натанзда уран байытуу менен алектенген жер астындагы ишканаларды бомбалаган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекция бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Тарик Рауфтун айтымында, ошол соккулардан кийин урандылар менен аралашып кеткен жогору даражада байытылган уранды кайтаруу чоң маселеге айланышы ыктымал.

Рауф АКШнын жер астындагы буталарды жок кылуучу бомбаларынын (Bunker Buster) бири жарылбай калганын белгилейт.

“Натанзда азыркыга чейин 2 миң килограмм жардыргыч зат бар. Сырттан кымындай бир кийлигишүү болсо ал жарылып кетиши мүмкүн”, - деп түшүндүрдү Рауф “Фарда” радиосу менен маектешкенде.

Уран байытуу маселесин чечүүнүн бир жолу 2025-жылы майда киргизилген сунушка кайтуу болмокчу. Анда Иранга уранды жарандык энергетикага гана жарамдуу, төмөн даражада байытууга жол берген регионалдык консорциум түптөө каралган.

Консорциум адатта атомдук программасы бар өлкөдө түзүлөт. Жакынкы Чыгышта андай программага расмий ээ болгон Бириккен араб эмираттары уран байытуу укугунан баш тартып, өзөктүк отунду чет жактан импорттойт.

Тегеран: Өрттөлгөн мечиттер жана жымжырттык

Тегеран. Өрттөлгөн имарат. Ирандагы соңку окуялар 1979-жылдагы ислам революциясынан берки эң ири акция болуп калды.
1/10 Тегеран. Өрттөлгөн имарат. Ирандагы соңку окуялар 1979-жылдагы ислам революциясынан берки эң ири акция болуп калды.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеран. Соңку митингдер учурунда өрттөлгөн өрт өчүрүүчү автомашина. Баннерлердин биринде "Иран, о, менин өлкөм" деп жазылып турат. Ирандын борбор калаасында нааразылык акциялары жыл этегинде - 28-декабрда башталган. Демонстранттар улуттук валютанын наркы өтө эле төмөндөп, инфляция деңгээли жогорулап кеткенине нааразылыгын билдирип чыгышкан.
2/10 Тегеран. Соңку митингдер учурунда өрттөлгөн өрт өчүрүүчү автомашина. Баннерлердин биринде "Иран, о, менин өлкөм" деп жазылып турат. Ирандын борбор калаасында нааразылык акциялары жыл этегинде - 28-декабрда башталган. Демонстранттар улуттук валютанын наркы өтө эле төмөндөп, инфляция деңгээли жогорулап кеткенине нааразылыгын билдирип чыгышкан.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеранда өрт чалган дагы бир имарат. АКШдагы ирандык HRANA укук коргоо уюмунун соңку маалыматына караганда, жалпы Иранда нааразылык акциялары ырайымсыздык менен күч колдонулуп басылганда каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты, он миңдеген киши камакка алынды.
3/10 Тегеранда өрт чалган дагы бир имарат. АКШдагы ирандык HRANA укук коргоо уюмунун соңку маалыматына караганда, жалпы Иранда нааразылык акциялары ырайымсыздык менен күч колдонулуп басылганда каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты, он миңдеген киши камакка алынды.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Ал эми бул Тегеранда жайгашкан "Аянде" банкына таандык болгон имарат. Аталган банк былтыр октябрда жемкорлук тууралуу айыптоолордон кийин банкрот болгон. Серепчилердин пикиринде, бул банктын көйгөйү Иранда элдин соңку нааразылыгын тутандырган себептердин бири болгон.
4/10 Ал эми бул Тегеранда жайгашкан "Аянде" банкына таандык болгон имарат. Аталган банк былтыр октябрда жемкорлук тууралуу айыптоолордон кийин банкрот болгон. Серепчилердин пикиринде, бул банктын көйгөйү Иранда элдин соңку нааразылыгын тутандырган себептердин бири болгон.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеран. Мамлекеттик салык кызматынын имараты да башаламандык учурунда өрттөлгөн.
5/10 Тегеран. Мамлекеттик салык кызматынын имараты да башаламандык учурунда өрттөлгөн.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
20-январь.Тегерандын чет жакасындагы конушта карда ойноп жаткан балдар. Иштөөсүнө расмий уруксаты бар медиа каражаттары жарыялаган ушул сыяктуу сүрөттөр өлкө кадимки жашоого кайтып жатканын көрсөтөт. Бирок Иранда дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турганын, күч кызматкерлери митингге чыккандарды аныктоо үчүн адамдарды туш келди токтотуп, телефонун текшерип жатканын 17-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы "Фарда" жазган.
6/10 20-январь.Тегерандын чет жакасындагы конушта карда ойноп жаткан балдар. Иштөөсүнө расмий уруксаты бар медиа каражаттары жарыялаган ушул сыяктуу сүрөттөр өлкө кадимки жашоого кайтып жатканын көрсөтөт. Бирок Иранда дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турганын, күч кызматкерлери митингге чыккандарды аныктоо үчүн адамдарды туш келди токтотуп, телефонун текшерип жатканын 17-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы "Фарда" жазган.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тарыхый ишмерлер жана АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтү тартылган, "доминонун кулашы" деген жазуу менен коштолгон баннер.
7/10 Тарыхый ишмерлер жана АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтү тартылган, "доминонун кулашы" деген жазуу менен коштолгон баннер.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандын борбордук Революция аянтында бараткан кыздар. Арткы пландагы баннерде "Иран биздин өлкөбүз, анын туусу биздин кепинибиз" деп жазылып турганын көрүүгө болот.<br>
8/10 Тегерандын борбордук Революция аянтында бараткан кыздар. Арткы пландагы баннерде "Иран биздин өлкөбүз, анын туусу биздин кепинибиз" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандагы Абузар мечити. Козголоң учурунда бул жай да жабыркаган. 1981-жылы дал ушул мечитте аятолла Али Хаменеинин өмүрүнө кол салууга аракет жасалган. Ошол кезде президенттикке талапкер болгон Хаменеи азыр өлкөнү жогорку руханий лидер катары башкарууда.
9/10 Тегерандагы Абузар мечити. Козголоң учурунда бул жай да жабыркаган. 1981-жылы дал ушул мечитте аятолла Али Хаменеинин өмүрүнө кол салууга аракет жасалган. Ошол кезде президенттикке талапкер болгон Хаменеи азыр өлкөнү жогорку руханий лидер катары башкарууда.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандагы ал-Расул мечитинде да соңку элдик акциялар учурунда өрт чыккан. Айрымдардын айтымында, бул жайга кол салуунун себептеринин бири азыркы режимдин диний идеологиясы болду. "Режим эмне гана кылбасын, актанганда да, түшүндүргөндө да динге жамынат", - деди пикирин жазгандардын бири.
10/10 Тегерандагы ал-Расул мечитинде да соңку элдик акциялар учурунда өрт чыккан. Айрымдардын айтымында, бул жайга кол салуунун себептеринин бири азыркы режимдин диний идеологиясы болду. "Режим эмне гана кылбасын, актанганда да, түшүндүргөндө да динге жамынат", - деди пикирин жазгандардын бири.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Артка
Алдыга


Ракеталар жана прокси күчтөр

Кошмо Штаттар Ирандын баллистикалык ракеталарынын санын жана алыстагы буталарга атуу жөндөмүн чектөөнү көздөйт. Учурда Тегерандын ракеталары 2 миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Орто аралыкка учкан ракеталар Израилге, жакын аралыкка учкандар АКШнын Перс булуңундагы аскердик базаларына жете алат.

Ирандын колундагы орто аралыкка учкан ракеталардын саны белгисиз. Июнда Израил өлкөнүн ракета жана ракета учурган жабдууларды чыгарган ишканаларына сокку урган. Бирок Ислам жумуриятынын арсеналында жакын аралыкка атуучу баллистикалык ракеталардын болжол менен бир нече миң даанасы бар.

Тегеран коргонууда чоң роль ойнойт деген жүйө менен ракета программасын кыскартууга караманча каршы болуп келатат.

Иран ошондой эле Ливандагы, Ирактагы жана Йемендеги кол жоолук куралчан топторду колдой берерин айтууда. Израилдин жана АКШнын агрессиясына каршы турууда таянууну көздөгөн ал альянсты Иран “туруштук берүү түйүнү” деп атайт.

Өткөн июнда Ислам жумурияты аба соккуларына кабылганда өнөктөштөрү ал окуяларга аралашкан эмес. Бирок, эксперттердин пикиринде, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, согуш чыгып кетсе, алар Тегеранга жардам бериши мүмкүн.

Макаланын түп нускасы бул шилтемеде.

Шерине

XS
SM
MD
LG