Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Иранда "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн сценарист Мехди Махмудиан камалды

Сценарист жана укук коргоочу Мехди Махмудиан.
Сценарист жана укук коргоочу Мехди Махмудиан.

Иранда 31-январда "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн "Жөн гана кокустук" фильминин сценаристтеринин бири жана укук коргоочу Мехди Махмудиан камакка алынды. Бул тууралуу АКШда жайгашкан Human Rights Activists in Iran көз карандысыз укук коргоо уюму(HRAI) кабарлады.

Махмудианга так кандай айып коюлганы азырынча расмий жарыялана элек. Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, ал 28-январда дагы 16 адам менен бирге Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеини жана бийликтин демонстранттарды катаал басышын айыптаган билдирүүгө кол койгондон кийин кармалган.

Ирандык укук коргоочулардын маалыматына караганда, аталган билдирүүгө кол койгон дагы эки адам Вида Раббани жана Абдулла Момени да камакка алынган.

Фильмдин режиссёру Жафар Панахи Махмудиандын камакка алынышын кескин айыптады.

Панахи өзү да 28-январдагы билдирүүгө кол койгон. Анда, атап айтканда, көчөгө митингге чыккан жарандарды жапырт жана системалуу түрдө өлтүрүү адамзатка каршы уюшкан мамлекеттик кылмыш экени белгиленген.

HRAI уюмунун маалыматына ылайык, 1-февралга карата Ирандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 6842 адамдын өлүмү ырасталган, 11 миңден ашуун адам жаракат алган.

Жекшемби күнү Иран президенти Масуд Пезешкиандын администрациясы 2986 адамдын каза тапканын ырастаган тизмени жарыялады.

Бийликтин түшүндүрмөсүнө караганда, мурда айтылган 3117 санынан айырмачылык айрым курмандыктардын өздүгү аныктала электиги жана айрым маалыматтар калкты каттоо базасы менен дал келбегени менен байланыштуу.

Шерине

XS
SM
MD
LG