Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Кыргыз өкмөтү ыктымал санкцияга байланыштуу ЕБ комиссары менен сүйлөшүүнү демилгеледи

Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Европа Биримдиги Москвага каршы чаралардын алкагында Кыргызстанга да санкция киргизүүнү караштырып жатканы жөнүндө маалыматтарга комментарий берип, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү демилгелегенин ырастады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бир-эки күндүн ичинде ЕБдин комиссары менен онлайн сүйлөшүү жүрүшү мүмкүндүгүн айтты:

“Бул боюнча ушул күндөрү Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен бул боюнча видео байланыш аркылуу сүйлөшүү болгону жатат. Анткени, алар келтирген нерселер боюнча бизде маалымат жок. Мен былтыр ноябрда Европага барып, аны менен жолугуп келгем. “Кандайдыр бир чара колдонулса алдын ала маалыматтарды алмашып турабыз” деп сүйлөшкөнбүз. Азыр бир басылманын эле маалыматы чыкты да, ал расмий маалымат эмес, далили же башка нерсеси жок. Анүстүнө, биз кайсы бир курал-жарак же башка ушул сыяктуу товарларды экспорттоого чектөө койгонбуз. Ошондуктан бизде мындай маселе болушу мүмкүн эмес. [...] Биз түшүнгөндөн “Эстония, Финляндия деген мамлекеттерден кайсы бир жабдууларды жеткириптир” деп жатышат. Биз деле “Кыргызстанда фирмалар миңдеп саналат, анын баарын колунан кармап, текшере албайбыз, фактыларды бергиле” деп айттык. Негизи мында деле Кыргызстан мамлекетине санкция салуу деген нерсе жок. Эгер алар кандайдыр бир чара колдонсо ушул мамлекеттерге “Кыргызстанга мобу жабдууларды сатпагыла” деген сунуштама бериши мүмкүн. “Кыргызстанга санкция салабыз, аны менен иштешпегиле” деген сөз жок”, – деди ал.

Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазды.

Басылма Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында орус мунайынын баасын чектөөнүн ордуна аны деңизде ташууга тыюу салууну караштырып жатканын билдирди. Агенттиктин булагы мындан сырткары орусиялык банктарга жана мунай компанияларына, Москвага санкциялардан буйтоого жардам берип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү криптовалюталык сервистерге жана каржылык уюмдарга да кошумча чектөөлөр сунушталышы мүмкүн экенин айтып берген.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага санкция сала баштаган. 2022-жылы орус армиясы Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы бирин-серин фирмалар кара тизмеге кирди. Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.

Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.

Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG