Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Орус армиясы Украинанын энергетикалык объектилерине кайрадан сокку урду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия бир нече күндүк тыныгуудан кийин Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кайрадан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Энергетика министрлигинин биринчи орун басары Артём Некрасов билдирди.

Анын айтымында, 2-февралга караган түнү жасалган чабуулдардын кесепетинен бир катар энергетикалык объектилер жабыркап, Харьков, Сумы, Днепропетровск жана Черкассы облустарынын тургундары электр жарыксыз калган.

Черкассы облусунун бийлиги аймакка учкучсуз аппараттар менен жапырт чабуул болгонун кошумчалады.

Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Киевде жана Киев облусунда, орус соккуларынын кесепетинен электр өчүрүүлөрдүн графиги киргизилди.

Некрасов эскерткендей, 1-февралда да орус күчтөрү Днепропетровск облусунун Павлоград районундагы “Терновская” шахтысына сокку урган. Дрон менен жасалган чабуулдун натыйжасында шахтанын 12 кызматкери каза болуп, дагы 16 адам жаракат алган. Соккулар Украинада катуу суук болуп жаткан маалга туш келди. Баш калаада абанын температурасы 20 градуска чейин түшүүдө.

Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин анын өтүнүчүн аткарып, катуу сууктарга байланыштуу 1-февралга чейин Киевге жана башка шаарларга сокку урбоого убада бергенин айткан. Кремль мындай өтүнүч чындап эле түшкөнүн ырастаган.

Украина президенти Владимир Зеленский Москва энергетикалык объектилерди аткылабаса, Украина да Орусиядагы энергетикалык объектилерге сокку урбоого даяр экенин билдирген.

“Энергетикалык тыныгуу” АКШнын катышуусу менен тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн жагымдуу шарт түзүүнүн жолу катары каралып келген. Бирок 1-февралда Абу-Дабиде өтө турган сүйлөшүүлөр болбой калды. Тараптар үч тараптуу жолугушуунун кийинки айлампасы 4–5-февралда ошол эле жерде өтөрүн маалымдашты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушуунун жылдырылышын “үч тараптын графиктерин шайкеш келтирүү зарылдыгы” менен түшүндүрдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG