Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Бишкекте жол кире төлөбөгөн 300дөн ашуун киши айыпка жыгылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто - автобустарда жол кире төлөбөй жүргөн 369 киши кармалып, айып пул салынган.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, айып пулдун жалпы суммасы 369 миң сомдү түздү,

Автобустарда жол кире төлөбөй жүргөн адамдарды текшерүүчү рейддер 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Текшерүүнү "Бишкекшаартранспорт" ишканасы "Тулпар" мекемеси менен чогуу жүргүзөт.

Жол кире төлөбөй жүргөн адамга 1000 сомдон айып пул салынат.

Муниципалдык автобустарда жол кире 17 сом. Накталай 20 сомдон төлөнөт. Бишкектеги автобустарда мектеп окуучулары атайын окуучулук "Тулпар" картасы аркылуу 8 сомдон төлөп жүрө алышат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана пенсионерлер үчүн жол кире акысыз.

2022-жылдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык транспортко өткөрүлгөн.

Президент Садыр Жапаров былтыр августта акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000ден ашуун автобус сатып алынганын, мындан ары да транспорттук паркты жаңылоо улантыла турганын билдирген.

Борбордо коомдук транспорт көп жылдан бери толук чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. (ZКo)


Шерине

XS
SM
MD
LG