Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Орусиянын бир катар аймагында калың кардан улам жүздөгөн абонент жарыксыз, жылуулуксуз калды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мурманск жана Североморск шаарларында бир айдын ичинде экинчи жолу электр энергиясы жарым-жартылай өчтү. Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибистин айтымында, убактылуу тирөөчтөр орнотулган электр линиясынын бир бөлүгүндө электр берүү үзгүлтүккө учураган.

Mash телеграм-каналынын маалыматына ылайык, Мурманск шаарында жүздөгөн турак жайлар жарыксыз жана жылуулуксуз калды, дүкөндөрдүн, ооруканалардын жана мектептердин бир бөлүгү иштебей жатат. Интернет да өчүрүлүүдө. 31-январда эртең менен аймакта абанын температурасы −20 градуска чейин түшкөн. 23-январда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына ЛЭПтин беш тирөөчү кулаганы себеп болгон. "Россети" компаниясы мунун себебин катуу кар жаап, шамалдын күчөшү жана зымдарды муз каптаганы менен байланыштырган.

Иркутск облусунун Бодайбо шаарында −50 градуска чейин суук болуп турган маалда 120 үй суу жана жылуулуксуз калды. Муздак суу 27-январда өчүрүлүп, 30-январда ысык суу менен жылуулук да токтогон. Шаар тургундары батирлердеги температура +7 градуска чейин төмөндөгөнүн билдиришүүдө.
Шаар мэри Евгений Юмашевдин айтымында, авария суу түтүгүнүн тоңуп калышынан улам эки откананын иши токтогон. Сууну ташып жеткирүү уюштурулбай, тургундар сууну дүкөндөрдөн сатып алууга аргасыз болушкан. Убактылуу жайгаштыруу пункттары 30-январдын кечинде гана ачылган. Шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жыл башынан бери Орусиянын ондогон аймактарында электр энергиясы жана жылуулук өчкөн учурлар катталганын "Можем объяснить" басылмасы жазды.

Алтай крайындагы Рубцовск шаарында январдын ортосунан бери жылуулук тармактарында бир нече авария болгон. Оңдоо иштери маалында 500дөн ашуун көп батирлүү үй жылуулуксуз калган. Жергиликтүү энергетиктер авариялардын себебин жылуулук тармактарынын "өтө эскириши" менен түшүндүрүшкөн. Ал күндөрү абанын температурасы −28 градуска чейин түшкөн.

Омск шаарында ЖЭБде отказан иштен чыгып, жылуулук түтүктөрүндө бир нече жарылуу катталган.

Москва облусунун Чехов, Домодедово, Химки, Красногорск жана Балашиха шаарларында да жылуулук менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралган. Бул учурлар жылуулук тармактарындагы үзгүлтүксүз авариялар менен байланыштуу.
Январь айында Санкт-Петербургдун ар кайсы райондорунда кеминде беш жолу жылуулук өчкөн. Жаңы жыл алдында ЖЭБдердин биринде авария болуп, андан кийин бир нече жолу жылуулук түтүктөрү жарылган.

Ушундай эле себептен жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган учурлар Волгоградда, Ростов, Энгельсте жана Курганда да катталган. Украина менен чектеш Орусиянын аймактарында, айрыкча Белгород облусунда, жарык жана жылуулук өчүрүүлөрү аткылоолор жана дрон чабуулдары менен да түшүндүрүлүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG