Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Ишкер Аскалиев өкмөт өкүлдөрү менен "Белес" автобусу тууралуу жыйын болгонун билдирди

Президент Садыр Жапаров "Белес" автобусун өзү айдап көргөн. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров "Белес" автобусун өзү айдап көргөн. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүштөгү "Белес" аттуу автобусту чыгарууга аракет кылып жаткан ишкер Мирбек Аскалиев өлкө башчысына кайрылгандан кийинки жагдай тууралуу маалымат берди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуу өткөнүн билдирди.

“Президентке караштуу инвестиция тартуу агенттиги бар экен. Ошол агенттик биз менен байланышып, жыйын өткөрүп берди. Ал жыйынга бир катар министрликтердин өкүлдөрү катышты. Кыргызавтоөндүрүштү колдоо жаатындагы жеңилдиктер тууралуу маалымат берилди. Ошол салымдын негизинде биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Мисалы, мурда биз тендерлерге катышканда биздин баа 20-25% кымбатыраак болуп, утулуп калганбыз. “Белес” компаниясы бир эле автобус эмес, жүк ташыган машиналарды да чыгара алабыз. Мэрия быйыл 600 автобус алабыз деген планы бар экен. Ал жыйынга ошол мэриянын өкүлдөрү келген жок. Биз мэрияга коммерциялык сунуш жибергенбиз, азырынча жооп ала элекпиз”,-деди Аскалиев.

Бул жолугушуу тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, тийиштүү министрликтер кабар таратып, расмий комментарий берген эмес.

Ушул айдын башында Аскалиев президенттин мындан үч жыл мурдагы “сыноо үчүн 10 автобус алабыз” деген сөзүн мамлекеттик органдар аткарбаганын айтып чыккан. Буга чейин мамлекеттик органдарга кайрылып, убара тартканын билдирган.

Аталган завод мындан үч жыл мурун ишке кирип, алгачкы автобусун президентке көрсөткөн эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG