Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Жапониянын колдоосу менен ишке ашып жаткан "Бир айыл – бир продукт" долбоору талкууланды

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал.
Кыргызстанда өндүрүлгөн бал.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 30-январда Бишкекте Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда тараптар өз ара алака-катышты талкуулашты. Негизги көңүл Жапониянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Бир айыл – бир продукт” долбооруна бурулду.

“Тараптар “Бир айыл — бир продукт” долбоорунун жогорку натыйжалуулугун белгилешти. Бул долбоорду мындан ары өркүндөтүү жана кызматташтыктын башка багыттарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишти улантуу ниетин билдиришти”,-деп жазылган маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы мартта “Бир айыл – бир продукт” деп аталган улуттук экономикалык долбоор тууралуу жарлыкка кол койгон жана өкмөткө "Кыргызстанда жасалган" аттуу брендди түзүүнү тапшырган.

Анда өлкөнүн ар бир айылы, шаары, району жана облусу экспортко ылайыкташкан өнүм, продукт чыгарууну көздөшү керектиги белгиленген.

Садыр Жапаров, анын администрациясы жана өкмөт бул улуттук экономикалык долбоор кандай ишке ашып жатканы тууралуу ошондон бери маалымат бере элек.

"Бир айыл – бир продукт" долбоору Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Жапониянын JICA уюмунун ортосунда 2007-жылдан бери иштеп келет.

Долбоордун максаты - жергиликтүү жамааттар арасында чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтуу.

Расмий маалыматка ылайык, "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун негизинде өндүрүлгөн продукция (кийиз буюмдары, бал, кыям жана башкалар) Жапония, Орусия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

Шерине

XS
SM
MD
LG